Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:49

Байден Израилге колдоо Газада коопсуздук камсыздалышына жараша болорун айтты


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШнын Израилдин Газадагы операциясы боюнча колдоосу жай тургундардын жана сектордо иштеп жаткан гуманитардык уюмдардын кызматкерлеринин коопсуздугу канчалык камсыз кылынарына жараша болот. Бул тууралуу 4-апрелде Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө айтты.

Газага гуманитардык жардам жеткирип барып, жөөт аскерлеринин соккусунан каза болгон эл аралык уюмдун кызматкерлеринин өлүмүнөн кийин эки өлкө ортосундагы мамиле салкындаган. Израилдин АКШ баштаган союздаштары аны айыптап чыгышкан.

Ак үйдүн маалыматына караганда, Байден Нетаньяхуга "жарандык калк зыян тартпашы, гуманитардык уюмдардын кызматкерлери кооптуу абалга учурабашы үчүн конкреттүү жана аткарылуучу кадамдарды жарыялап, ишке ашыруу керектигин" так айтты.

4-апрелде Израил бул окуядан кийин Газадагы операциясы боюнча тактикасын өзгөртөрүн билдирди.

"Чек арасыз дарыгерлер" эл аралык уюму Израилдин бул кандуу чабуул тууралуу "өкүнүчтүү окуя" деген билдирүүсүн кескин сындап, "биз өкүнүчтүү окуя деген жоромолун кабыл албайбыз", — деп белгиледи.

Газада 2-апрелде World Central Kitchen (WCK) эл аралык гуманитардык бейөкмөт уюмунун жети кызматкери (үчөө Улуу Британиянын, калгандары Польшанын, Австралиянын жана АКШ/Канаданын жарандары, жетинчи киши – жергиликтүү палестин айдоочусу) каза болгон. Сектордун борбордук бөлүгүндөгү Дейр-эл-Балаха шаарына деңиз менен жеткирилген 100 тоннадан ашуун гуманитардык азык-түлүк жардамын калтырып, кампадан чыгып бараткан автомашина аткыланган.

Израил бул авиа чабуулду жөөт аскерлери жасаганын мойнуна алган. Армиянын Башкы штабынын башчысы Герци Халеви соккуну «аныктоо иши өтө оор шарттан улам туура эмес жүргүзүлгөндүктөн кетирилген одоно ката» деп атаган. Ал Газага гуманитардык жеткирүү маанилүү жараян экенин айткан.

Бул окуя үчүн Израилди АКШ баштаган союздаштары сындап, айыптады. АКШ президенти Жо Байден Израилди кескин сынга алып, ал жай тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жетиштүү чара көрбөй жатканын айткан.

Жарым жылдан берки согуштун айынан каатчылык жаралган Газа секторуна биринчи жолу деңиз аркылуу түзүлгөн гуманитардык коридор менен жардам алып бараткан уюм чогулткан 200 тонна азык-түлүк жана башка эң зарыл нерселер жүктөлгөн Open Arms кемеси жолго 12-мартта Кипрдеги Ларнака портунан чыккан.

Газа үчүн мындай алгачкы деңиз коридорун ачуу тууралуу чечимди Европа комиссиясы жана эл аралык донор уюмдар 8-мартта биргелешип кабыл алышкан.

Израил деңиз коридору ачылганын кубаттай турганын билдирген, бирок коопсуздук үчүн текшерүү уюштуруларын эскерткен.

Былтыр 7-октябрда Израил ХАМАСтын (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) кол салуусуна кабылып, ага каршы согушу Газада азыр да уланууда. Кол салуу 1200дөй кишинин өмүрүн алган. ХАМАС 250дөй кишини Газага барымтага алып кеткен.

Согуш жүрүп жаткан аймактардан качкан жай тургундар ачарчылыкка кептелип, гуманитардык кризис курчуп баратканын эл аралык укук коргоо уюмдары белгилөөдө.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси сектордо жалпысынан 32 миңден ашуун палестин жай тургуну набыт кеткенин билдирүүдө.

Израилдин коргоо министри Йоав Галлант соңку билдирүүсүндө израил аскерлери ХАМАСты жок кылыш үчүн бардык жерге жетерин айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG