Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:49

Бишкек шаардык соту Атазовдун мандаты боюнча мурдагы чечимди күчүндө калтырды


Шайлообек Атазов.
Шайлообек Атазов.

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандаты боюнча чечим чыгарып, мурунку инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу Абдурахман Муртазалиевдин жактоочулары ырастады.

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов мандатын жокко чыгарган сот чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бишкектин административдик соту 1-мартта №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке келген Атазовдун мандатын жокко чыгарган. Сот чечимине ылайык, депутаттык мандат Абдурахман Муртазалиевге берилет.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Райымбек Матраимовго эл аралык издөө жарыялаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.

УКМК Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалганын билдирген. Алар 26-мартта Бишкекке алып келинип, камалды.

15-февралда жергиликтүү Region телеканалында депутаттар Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал чыккан. Алардын издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго байланышы бар экени айтылган.

22-февралда анын бир тууганы Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өздөрү жазган арыздын негизинде алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотконун расмий кабарлаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG