Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:44

Токаев сел каптаган аймакка барды, абал дагы начарлашы ыктымал экенин айтты


Батыш Казакстан облусундагы Чаган дарыясы ташып, айылдарды каптады. 1-апрель, 2024-жыл.
Батыш Казакстан облусундагы Чаган дарыясы ташып, айылдарды каптады. 1-апрель, 2024-жыл.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн 4-апрелде бир нече күндөн бери сел каптап, өзгөчө кырдаал жарыяланган Батыш Казакстан облусуна барып, аймактагы ташкын абал дагы оорлошу ыктымалдыгына даяр турууга чакырды жана азыркы түзүлгөн кырдаалдан «сабак алуу» керектигин эскертти.

Кар күндүн жылышынан улам тез эрип кеткени, жаан-чачын көп болгону бүгүнкүдөй абалга алып келгенин айткан Токаев кооптуу аймактардан убактылуу көчүрүлгөн жергиликтүү тургундар менен жолугуп, кырдаалды «болуп көрбөгөндөй жаратылыш кырсыгы» деп атады жана жабыркагандардын баарына тийиштүү жардам берилерин убада кылды.

Облус акимчилигинин маалыматына караганда, суу алты райондун жана Орол шаарынын аймагында миңге жакын үйдү каптады, жети миңдей киши эвакуацияланды.

Жалпысынан 26-марттан бери Казакстанда сел каптаган аймактардан 19 миңдей киши коопсуз жерлерге чыгарылды.

Өзгөчө кырдаал Батыш Казакстан облусунан тышкары Актөбө, Акмоло, Абай, Костанай облустарынын бир нече район-шаарында да жарыяланды.

Казакстанда 10 жаштагы бала селде сууга чөгүп кеткенин 3-апрелде “Азаттыктын” казак кызматы Актөбө облусунун Айтекебий районунун акимчилигинин маалыматына таянып билдирген.

Окуя 2-апрелде болгону, бала теңтуштары менен сабактан кайтып келе жатып көчөдө ойноп калганы, ал терең топтолгон сел суусуна түшүп кеткени, жардамга чуркап барган чоң кишилер сактап калууга үлгүрбөгөнү маалымдалган.

23-мартта да ушул эле облустун Ебейты кыштагында төрт жашар наристе кар эригенден кийин топтолгон сууга түшүп кетип, оозу-мурдуна суу кирип, чарчап калганын жергиликтүү "Диапазон" басылмасы жазган.

Абай облусунда төрт киши дайынсыз болууда.

Суунун деңгээли жакында дагы көтөрүлүшү мүмкүн экени эскертилүүдө. Анткени Орусия Оренбург аймагындагы Ирекле суу сактагычынан ашыкча сууну агыза баштаганы кабарланды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG