Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:44

Москва бийлиги быйылкы Орозо айт намазын "үй шартында" өткөрүүнү сунуштоодо


Айт намаз. Москва. Архивдик сүрөт.
Айт намаз. Москва. Архивдик сүрөт.

Москва бийлиги шаардагы мусулмандарды, айрыкча Борбор Азиядан барган эмгек мигранттарын Орозо айт майрамын быйыл үйдөн белгилөөгө, айт намазын үйдөн өткөрүүгө чакырып жатканын Улуттук саясат жана аймак аралык байланыш департаментинин маалыматына таянып «Осторожно, новости» Telegram каналы жазды.

Департаменттин Москванын административдик округдарынын башчыларына жөнөткөн катында 10-апрелде шаардын мечит жайгашкан аймактарында жана башка бир катар аянтында эл көп чогулушу ыктымал экени, андыктан ислам динин тутунган эмгек мигранттарына, айрыкча Борбор Азиядан баргандарга шаардагы чектөөлөр тууралуу эскертүү берилиши керектиги айтылды.

Айт намазын «үй шартында» өткөрүү сунушталары, мечиттердеги айт намаздын онлайн трансляциясы уюштурулары белгиленди.

«Осторожно, новости» мындай чектөө «Крокус Сити Холлдогу» террордук чабуулдан кийинки коопсуздук чараларынан улам киргизилип жатканын департаменттин басма сөз кызматынын маалыматына таянып жазды.

Соңку жылдары Орусиянын бир катар шаарларында айт намаздары он миңдеген кишини чогултууда.

2023-жылы Москвада айт намазга, Орусиянын Мусулмандар диний башкармалыгынын белгилешинче, 400 миңге жакын киши катышкан.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарында “Крокус Сити” борборунун 6 миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон. Кеминде төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. 3-апрелге карата маалыматка караганда, каза болгондор 144кө жетти, жараат алгандар кеминде 380 адам. Кылмышка шектүү катары он киши камакка алынды. Алардын сегизи теги тажикстандык, бирөө теги кыргызстандык экени белгилүү болгон.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топ алган. АКШ жана Батыш өлкөлөрү терактты дал ушул уюм уюштурган деген пикирде. Ал эми Орусия өзү Украинадан көрүүдө. Украина эч тиешеси жок экенин айтууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG