Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

Forbes рейтинги: Назарбаевдин кыз-күйөөсүнүн байлыгы 10 миллиард долларга жетти


Динара жана Тимур Кулибаевдер.
Динара жана Тимур Кулибаевдер.

Америкалык Forbes журналынын миллиардерлер тизмесине алты казакстандык киргизилди. Алардын ичинен төртөө өткөн жылы байлыгын арттырууга жетишкен.

Миллиардерлердин арасында мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин кызы жана күйөө баласы Динара менен Тимур Кулибаевдер да бар, алардын жалпы байлыгы 10 миллиард долларды түзөт.

2022-жылдын Январь окуясынан кийин Нурсултан Назарбаевдин таасири азайып, жакындары жогорку кызматтардан кол жууган. Ага карабай Кулибаевдер капиталын 1,5 миллиард долларга көбөйтүштү. Бир жыл мурда 8,6 миллиард доллар болчу.

57 жаштагы Тимур Кулибаев менен 56 жаштагы Динара Кулибаева Казакстандагы эң ири коммерциялык банкты көзөмөлдөшөт. Алардын бизнеси көп тармактуу – мунай өндүрүү, курулуш жана соода тармагын камтыйт, "Халык банк" эң баалуу байлыгы.

Forbes журналынын быйылкы рейтингинде биринчи орунда LVMH тобунун башкы директору Бернард Арно (233 миллиард доллар) турат. Арно ондогон люкс бренддерге, анын ичинде Louis Vuitton мода брендин жана саат чыгаруучу Tag Heuer компаниясына ээлик кылат.

Экинчи орунда Tesla ээси Илон Маск (195 миллиард доллар), үчүнчү орунда Amazon компаниясынын жетекчиси Жефф Безос (194 миллиард доллар) турат. Төртүнчү орунду Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг (177 миллиард доллар) ээледи.

Миллиардерлердин тизмесинде 2781 адам бар, бул былтыркыдан 141ге көп. Алардын жалпы байлыгы 14,2 триллион долларды түзүп, 2023-жылга салыштырганда эки триллион долларга жогорулады. Тизмедегилердин үчтөн экиси өз капиталын көбөйтсө, төрттөн биринин байлыгы азайды.

Миллиардерлердин саны боюнча АКШ биринчи орунда турат. Кошмо Штаттарда 813 америкалыктын байлыгы миллиард доллардан ашат (алардын активдери 5,7 триллион доллар).

Кытай 473 миллиардер менен экинчи орунда.

Үчүнчү орунда 200 миллиардери менен Индия турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG