Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:49

Түркия күрддөр партиясынын өкүлү шайлоодо утканын тааныды


Түркиянын Жогорку шайлоо кеңеши Ван провинциясында “шайланган жок” деп жарыяланган күрддөрдүн «Элдик теңдик жана демократия партиясынан» (DEM) талапкер Абдулла Зейдандын шайлоодо утканын тааныды.

Ванда 31-мартта өткөн мэр шайлоодо Зейдан добуштардын 55,5% алган. Анын негизги атаандашы, талапкерлиги президенттин "Адилеттүүлүк жана Өнүгүү" партиясынан көрсөтүлгөн Абдулахат Арваска добуштардын 27,2% тийген.

Бирок аймактык шайлоо кеңеши соттун Зейдан бул саясий жарышка катыша албай тургандыгы тууралуу чечимине таянып мандатты Арваска берген. DEM бул чечим шайлоого эки күн калганда кабыл алынганын белгилеген.

Зейдандын алган көп добушу жокко чыгарылганда Ванда жана башка шаарларда нааразылык тутанган. Ван, Хаккари, Йүксекова, Сиирт, Батман, Шырнак жана Измир шаарларында он миңдеген киши көчөгө чыгып, полицияга таш ыргыткан. Мындан улам 3-апрелден тартып Ван, Сиирт жана Битлис провинцияларында ар кандай демонстрацияларга жана жөө жүрүштөргө 15 күнгө тыюу салынып, комменданттык саат киргизилген.
Полиция акцияга чыккандарга каршы суу бүркүп, көздөн жаш агызуучу газ колдонгон, кеминде 89 киши камакка алынган.

DEM Жогорку шайлоо комиссиясына арызданган. Кеңештин жети мүчөсү Зейданды колдогон добуш берди, төртөө каршы чыкты.

Ошону менен DEM партиясынын өкүлдөрү күрддөр көп отурукташкан түштүк-чыгыш провинцияларындагы он шаарда мэр болот.

31-марттагы жалпы муниципалдык шайлоодо президент Режеп Эрдогандын партиясы 81 провинциянын 24үндө гана утту.

Түркияда "Күрд жумушчулар партиясынын" катарындагыларды "террорчулар" деп атап, алардын ишмердигине тыюу салынган.

Болжолдуу маалымат боюнча, күрддөр Түркиянын калкынын 15-20% түзөт. Алардын жалпы саны 12,5 миллиондон 15 миллионго чейин жетери айтылып келет.

Муниципалдык шайлоодо добуш берүүгө 61 миллиондон көп киши катталган. Алардын 1058и өлкөнүн Ван аймагындагы кыргыз тектүү жарандар байырлаган Улуу Памир айылында ачылган шайлоо тилкесинде добуш берди. Ал жакта беш кыргыз айыл өкмөтүнө талапкер болду. Улуу Памир айылында 2500ге жакын кыргыз жашайт. Стамбул, Анкара, Малатия жана Йозгат аймактарында 5 миңден ашуун вандык кыргыз бар. (RK/ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG