Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:09

Президент айыптоосу тастыкталбаса, депутат да жазаланарын билдирди


Жусупбек Коргонбай уулу жана Алымкадыр Бейшеналиев. Коллаж.
Жусупбек Коргонбай уулу жана Алымкадыр Бейшеналиев. Коллаж.

Президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу депутат Жусупбек Коргонбаев айткан айыптоолорго байланыштуу "Кабар" агенттигине курган маегине кошумча киргизди. Анда мамлекет башчы депутаттын айыптоолору тастыкталбаса, ал дагы тийиштүү мыйзамдардын чегинде жазасын аларын белгилеген.

"Бир эле жактуу болбой эки жакты тең карайбыз. Эгер депутат айткан фактылар аныкталса, сөзсүз жазалайбыз. Таяктын эки башы бар дегендей, эгерде депутат айткан айыптоолор тастыкталбаса, анда ал дагы тийиштүү мыйзамдардын чегинде жазаланат. Антпесе ар кимдин аброюна шек келтирип коюп, анан тастыкталбаса, унчукпай кутулуп кеткени адилетсиз болуп калат да. Мен эки жака тең тартпайм. Мен чындык, акыйкаттык жактамын.", - деген президент.

Мамлекет башчынын бул билдирүүсү анын "Кабар" агенттигине курган маегине кийинчерээк кошулду.

Садыр Жапаров 4-апрелде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге чара көрүү боюнча Жогорку Кеңеште айтылган сөздөр, депутат Жусупбек Коргонбай уулунун айыптоолору боюнча “Кабар” агенттигине маек берген. Анда Жапаров министр менен эч кандай жакындыгы жок экенин, “жакшы иштеген, коррупция менен уурулукка каршы күрөшүүдө тайманбаган министр болгону үчүн” кызматта кармап турганын билдирди.

Ошондой эле коррупцияга, уурулукка аралашкан жетекчилерге аёо жок экенин, коррупцияга каршы күрөшүп жаткан министрлерге колдоо болушу керектигин белгилеп, Коргонбай уулу келтирген фактылар аныкталса, Бейшеналиевге чара көрүлөрүн тактаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 3-апрелдеги жыйынында Бейшеналиевди сотко бергенин жарыялаган. Бейшеналиевдин жана жакындарынын мүлкү 2 млрд сомдон ашарын айтып, президентке, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган. Анын мүлкүн, байлыгын текшерип, коррупциялык иштерге аралашканын иликтөөнү суранган.

Жыйынтыгында министрдин ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

Бейшеналиев депутаттын айткандарын четке кагып, сотко кайрылганын билдирген. Ал биринчи жолу 2020-жылы саламаттык сактоо министри болгон. 2022-жылы июнда “коррупцияга” айыпталып камалып, эки аптадан кийин үй камагына чыккан. Бул чуулуу иштерден кийин 19-августта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кызматтан бошотулган.

Башкы прокуратура Бейшеналиевге чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд 581 млн 474 миң сомго вакцина сатып алынганы үчүн айып койгон жана жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Кийин ага козголгон бардык кылмыш иштери токтотулган. 2023-жылы сентябрда кайра министр кызматына дайындалган.

Бейшеналиев министр болуп турган мезгилде элди COVID-19 илдетин уу коргошун (расмий аталышы “аконит”) менен дарылоого үндөгөн. Бул дарыны президент Садыр Жапаров экөө биргелешип жасап жатышканын, ооруну жеңүүгө өтө натыйжалуу экенин айткан. Адистердин жана коомдун кескин каршылыгынан кийин аны колдонуу ниетинен кайткан. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG