Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:11

Израил Ирандын өч алуу тууралуу билдирүүлөрүнөн кийин коопсуздук чараларын күчөттү


Израил аскерлери.
Израил аскерлери.

Израил аскердик кызматын өтөп жаткандардын баарын өргүүгө чыгарууну убактылуу токтотуп, резервдегилерди аскерге чакыра баштаганы кабарланды. Буга Ирандын эки генералынын жана беш аскердик кеңешчисинин өмүрүн алган чабуулдан кийинки өч алуу тууралуу билдирүүлөрү себеп экени белгиленүүдө.

"Кырдаалга баамдоо жүргүзүлүп, өргүүнү убактылуу токтотуу тууралуу чечим кабыл алынды", - деп айтылды Израил армиясынын 4-апрелдеги маалыматында.

Сириянын борбору Дамаск шаарында 1-апрелде Ирандын элчилигине коюлган авиа чабуулдан бир нече киши, алардын арасында Ирандын «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун» эки генералы өлтүрүлгөнүн сириялык жана ирандык расмий адамдар, маалымат каражаттары билдирип, бул үчүн Израилди айыпташкан.

Каза болгондор арасында Ирандын «ал-Кудс» атайын багыттагы бөлүгүнүн негизги командирлеринин бири Мохаммад Реза Захеди, анын орун басары Мохаммад Хади Рахими жана алардын беш кызматташы бар экенин ISNA агенттиги маалымдаган. Иран аларды Сириядагы аскердик кеңешчилер деп атоодо.

Сириянын Коргоо министрлиги израилдик учактардын чабуулу Голан дөңсөөлөрүнөн жасалганын, бир нече ракета атып түшүрүлгөнүн, элчиликтин эки күзөтчүсү жараат алганын билдирген.

Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян чабуулду «бардык эл аралык конвенциялардын бузулушу» деп атап, министрликтин өкүлү Насер Канаани Тегеран жооп кайтарууга укуктуу экенин айткан.

Өлкө президенти Эбрахим Раиси: «Бул чоң кылмыштын аткаруучулары жана демөөрчүлөрү жазаланат», - деди.

«Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу» Израилди жакын арада «өлүм соккусу» урулат деп эскертти. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG