Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:25

Нарын университетинин төрт кызматкери коррупцияга шек cаналып кармалды


Окуу жайдын логотиби. Иллюстрация
Окуу жайдын логотиби. Иллюстрация

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин (НМУ) жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери 6 млн сомго жакын каражатты мыйзамсыз ыйгарып алууга шектелип кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети(УКМК) билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргузүп жаткан ыкчам-тергөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө аталган университеттин жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бюджеттик каражаттарды ыйгарып алганы аныкталганын билдирди.

Маалыматка караганда, жетекчилер белгилүү окумуштууларды жана окутуучуларды ЖОЖдун профессордук-окутуучулук курамынын тизмесине жасалма түрдө киргизип, алардын атына катталган банк карталарына 2016-жылдан бери айлык чегерилип келген. Бул акчаны университеттин айрым кызматкерлери колдонуп келишкен.

Суракка алынган окумуштуулар университет менен эч кандай кызматташтыгы болбогонун, аталган окуу жайда окутуучулук жана башка иштерди жүргүзбөгөндүгүн жана эмгек акы албаганын айтышкан.

"Окуу жайдын магистратурасын аяктагандардын көпчүлүгү өздөрүнүн диссертацияларынын темасын жана илимий жетекчисинин атын атай алышпайт, айрымдары бүтүрүү иштерин акча менен "коргоону" оң чечим катары көрсөтүшкөн. Ошондой эле мазмуну окшош диссертациялык ишти кайра-кайра колдонуп, илимий жетекчи катары ар башка профессорлор көрсөтүлгөнү аныкталган", - деп жазылган маалыматта.

Мындан тышкары университеттин жетекчилиги окуу жайдын мүмкүнчүлүктөрүн эске албай, студенттердин санын көбөйтүүгө аракет кылганы айтылган.

Мындай жол менен университеттин жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери тарабынан 6 млн сомго жакын акча мыйзамсыз бөлүнгөн жана өздөштүрүлгөн.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул ишке байланыштуу төрт киши кармалып, убактылуу камоочу жайга киргизилди. Алардын кызматы так айтылган жок.

Учурда окуу жайдын башка кызматкерлеринин бул мыйзамсыз иштерге катышы иликтенип жатат.

Билим берүү министрлиги жана Нарын университетинин башчылары атайын кызматтын билдирүүсүнө комментарий бере элек. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG