Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:25

Кыргыз-тажик чек арасы: район акимдери чагымдарга жол бербөөнү макулдашты


Тажикстандын Хожаи-Аъло айылына кире бериши
Тажикстандын Хожаи-Аъло айылына кире бериши

Кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында 4-апрелде Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев менен Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховадин Баходурзода жетектеген делегациялары жолугушту.

Жоробаев "Азаттыкка" билдиргендей, жолугушууга эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, суу чарба башкармалыгынын, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, тиешелүү жетекчилер келди.

Анда тараптар чек ара аймактарындагы укуктук тартип, сугат суу, жаз алды менен арыктарды тазалоо, аймактарда курулуш иштерин мунаса менен жүргүзүүнү сүйлөшүп, суу талаш жаралбашы үчүн алдын ала макулдашуу зарылдыгын талкуулашты.

Ошондой эле жазгы талаа иштеринин алдында түрдүү чагымчыл көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн биргелешип аракеттенүү жөнүндө сүйлөштү.

Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажкистандын Согд облусу чектешет. Чек ара тилкелер толук аныктала электигинен буга чейин ар кандай чыр-чатактар катталып келген.

2021-2022-жылдардагы чек арадагы куралдуу жаңжалдан кийин эки тарап чек араны тактоо иштерин жанданткан. Эки өлкөнүн чек арасынын узундугу 970 чакырымдан ашат.

Расмий акыркы малыматтарга ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 50-55-чакырымдай тактала элек тилке калды. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG