Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:27

Ташиев өлкөдө "мафияга" каршы күрөш уланып жатканын билдирди


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдөгү “мафиялык түзүлүштөр” менен күрөш уланып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 3-апрелде Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук коллежде сүйлөп жатып айтты.

Ал буга чейин коом “тартипсиз” болуп кеткенин, олигархтар, мамлекеттик ууру чиновниктер жана криминалдык топтор биригип, “мафияга айланып кеткенин” белгиледи.

“Бүгүнкү күнгө чейин алар менен күрөшүп, арыла албай келатабыз. Бирок биз алардан арылабыз. Мамлекеттик олигархтар коомду башкарбашы керек”.

Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда мурдагы бажычы Райымбек Матраимов менен кримтөбөл Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Райымбек Матраимов былтыр октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкекте атайын операцияда өлтүрүлгөндөн кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Январь айында УКМК ага издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген.

26-мартта Бишкекке алынып келген Райымбек жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор Бакудан кармалып, Бишкекке алып келинген.

Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG