Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:42

Орусиянын кол салуусунан үй-жайынан ажыраган украиндер үчүн онлайн реестр иштей баштады


Дмитрий Кулеба.
Дмитрий Кулеба.

Орусиянын кол салуусунан чыгымга учураган украин жарандарынан кенемте тууралуу арыз кабыл алуу боюнча онлайн реестр иштей баштаган алгачкы бир саат ичинде 18 арыз түшкөнүн Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба билдирди. Бүгүн 3-апрелде ал Брюсселде НАТОго мүчө өлкөлөрдүн башкы дипломаттары менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Кечээ 2-апрелде Кулеба Гаага шаарында “Украина үчүн акыйкаттыкты калыбына келтирүү” деп аталган конференцияга катышты жана “украиналыктарга акыйкаттык алыскы келечекте эмес, дал азыр керек болуп жатканын” айтты.

Жаңы ачылган реестр тууралуу маалымат берип жатып ал украин жарандарын тарткан зыяны жана талкаланган үй-жайы үчүн кенемте талап кылууга, онлайн арыз жазууга чакырды.

Конференциянын жыйынтыгында 44 өлкө кол койгон билдирүү кабыл алынды. Анда Орусия Украинага каршы агрессия жасап жатканы белгиленди жана “Орусия эл аралык укук нормаларын бузгандыгынын укуктук кесепеттери үчүн, ошондой аракеттеринин айынан келтирген бардык залака жана чыгым үчүн жооп бериши зарыл экени” айтылды.

Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында кол салган. Адатта куралдын бир нече түрү менен ондогон, жүздөгөн чабуулдарын токтотпой келе жаткан орус аскерлеринин соккусу соңку бир нече күндөн бери азайды.

3-апрелге караган түнү Хмельницкий, Житомир, Кировоград жана Черкасск облустарынын аймагында төрт учкучсуз учак атып түшүрүлгөнү маалымдалды. Сумы облусунда авиа чабуулдан бир эркек киши каза болду, бир бала жараат алды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG