Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:42

Бишкекте Египеттин жараны зордуктоого шек саналып кармалды


Зордуктоого шектелген чет элдик жаран. Сүрөт УКМКга таандык.
Зордуктоого шектелген чет элдик жаран. Сүрөт УКМКга таандык.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 3-апрелде билдиргендей, Египеттин 24 жаштагы жараны Е.А.Р.С. сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо - зордуктоо фактысы менен 30-мартта кармалды.

Мекеменин басма сөз кызматы ал борбордо жаш кыздар менен таанышып, андан кийин чогуу эс алууга чакырганын жазды. Ага ылайык, чек өлкөлүк жаран кыздардын спирт ичимдиктерин ичүү, баңгизаттарды тартуу, интим ж.б. процесстердин баарын жашыруун тасмага жаздырып жүргөн. Аларды социалдык тармактарга жарыяларын айтып коркутуп, опузалап акча талап кылган жана зордуктаган.

УКМК буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси "Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо" боюнча кылмыш ишин козгогон. Чет өлкөлүк жаран 30-мартта Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды.

Учурда шектүүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканы кабарланды.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG