Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:08

Сокулукта милиция бөлүмүндөгү өлүм боюнча териштирүү башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 2-апрелде Чүй облусунун Сокулук райондук милиция бөлүмүндө кармалып отургандардын бири каза болду. Ички иштер министрлиги алдамчылыкка шектелип кармалган 41 жаштагы киши убактылуу кармоочу жайдын камерасында отурганын, ал асынып алганын билдирди.

“Бул окуя жана андан кийинки жүргүзүлүүчү иш-чаралар ИИМдин жана Чүй ОИИББ жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды. Жагдайлар такталып, кызматтык текшерүү башталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө тийиштүү кызматкерлердин кыймыл-аракетине баа берилип, күнөөлүүлөргө чара көрүлөт. Процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн материалдар тиешелүү органдарга жөнөтүлөт”, - деп билдирди ИИМ.

Буга чейин ИИМдикинен башка жабык жайларда кармалып тургандар каза болгондор буга чейин да катталган. Күч органдары адатта алар өз жанын өзү кыйганын, ал эми маркумдардын жакындары шектүү жагдайлар бар экенин айтып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG