Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:01

Казакстан: Сел каптаган аймактарда абал оор, төрт киши дайынсыз


Казакстан. 2024-жылдын 27-марты.
Казакстан. 2024-жылдын 27-марты.

Казакстанда сел каптаган аймактарда абал оор болуп жатканын бүгүн 2-апрелде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Бауыржан Сыздыков билдирди. Анын айтымында, суу дагы эле толук тартыла элек.

Жалпысынан 16 миңдей киши коопсуз жерлерге эвакуацияланды, алардын 6 миңден ашууну балдар.

Абай облусунда, «Азаттыктын» казак кызматы билдиргендей, төрт кишинин дайыны табылбай жатат.

Актөбө, Атырау, Батыш-Казакстан, Улытау жана Караганда облустарында да абал кооптуу экени маалымдалган.

Бир нече күндөн берки селге байланыштуу өлкөнүн батышында, чыгышында жана борбордук бөлүгүндө өзгөчө кырдаал мекемелери эвакуациялоо, тазалоо жана жээктерди бекемдөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Азыркы абалдын жаралышына калың жаап топтолгон кардын чукул эриши жана жаан-чачын себеп болгону кабарланган. Айрым жерлерде жергиликтүү тургундар бийликтин даярдыгы жоктугуна нааразы болуп, акцияга чыгышкан. Президент Касым-Жомарт Токаев жергиликтүү бийликти жана тийиштүү мекемелерди сындап, жабыркаган элден кечирим сураган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG