Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:08

Орусияда 13 жумушчусу каза болгон ишкананын дагы бир жетекчиси кармалды


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Орусияда алтын кенинде шахтадан чыга албай калган кенчилердин окуясына байланыштуу дагы бир жетекчи кармалды. Бүгүн 2-апрелде Амур облустук полициясы шахтанын башкы инженерин камакка алды. Ага өндүрүштөгү коопсуздук эрежелеринин сакталышын камсыз кылган эмес деген айып тагылды.

Тергөө комитетинин Амур облусу боюнча бөлүмү 25-мартта кендин башкаруучу директору Алексей Бирюковго да жумуштагы коопсуздук эрежелеринин бузулушу тууралуу козголгон кылмыш иши алкагында айып такканы белгилүү болгон.

13 жумушчунун дайыны 18-марттан бери чыкпай жаткан. Эки аптадан кийин куткаруу иштеринен майнап чыкпагандыктан алар баары тең каза болду деп жарыяланган.

Жумушчулар уранды алдында калган жерди суу каптаганы, алар менен байланыш жок болуп жатканы маалымдалган.

Кырсык 18-августтун кечинде Орусиянын алтын казып алуучу ири ишканаларынын бири катары белгилүү "Пионер" кенинде болгон. Тоо тек урап, жумушчулар 125 метр тереңдиктеги шахта ичинде калган. Жабыркагандардын баары башка аймактардан барган, вахталык тартипте иштеп жаткан жумушчулар экени айтылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG