Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:22

"Чет элдик өкүл": Президенттин администрациясы мыйзам боюнча сындарга жооп берди


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына жана президенттин билдирүүсүнө айтылган сындарга жооп берди. Ал Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар мыйзамдын кабыл алынышы менен мамлекет тараптан көзөмөл күчөп, аларга келген гранттардын кайсы жакка жумшалып жатканы “ачыкка чыгып кетишинен чочулап жатышат” деген пикирин айтты.

Укушов мыйзам боюнча Евробиримдик, БУУнун Өнүктүрүү программасы, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму, ЮСАИД жана бир катар өлкөнүн элчиликтери, донорлордун тынчсыздануусуна жооп берип, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы "демократиялык стандарттарды сактаган өлкөлөрдөн алынганын" белгиледи.

“Социалдык тармактарда коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү президент Садыр Жапаровдун “Биздин өлкөдө иш алып барган бейөкмөт уюмдар 30 жыл бою эч жерге каттоого турган эмес” деген сөзүн сынга алып жатышат. Президенттин билдирүүсү чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткарган коммерциялык эмес уюмдарга байланыштуу мыйзам боюнча болгону үчүн муну кеп чет өлкөлүк өкүл катары иш алып барып, бирок ушул макамда каттоого алынбагандар жөнүндө болууда деп түшүнүү керек. Мыйзам күчүнө киргенден кийин Юстиция министрлиги чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткарган коммерциялык эмес уюмдарды каттай баштайт жана бул боюнча реестр болот”, - деген Укушов.

Ал мыйзамдын максаты бейөкмөт уюмдардын ишмердигин ачык-айкын кылуу экенин, андагы нормалар алардын ишин чектебей турганын, каржылык колдоо алууга жолтоо болбой турганын кошумчалаган.

Президент Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга 2-апрелде кол койду. Бул тууралуу Фейсбук баракчасына түшүндүрмө берип, президент катары “эч кандай куугунтук болбойт” деп кепилдик берерин белгиледи жана буга чейин бейөкмөт уюмдарды отчет бербей келген деп айыптады.

Анын билдирүүсүнөн кийин социалдык тармактарда Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, Салык кызматына талап кылынган отчетторду берип келерин, мындай ачыктык грант берген донорлордун талаптарынын бири экенин жазып жатышат.

14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же "Чет элдик өкүл" деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган. Мыйзамда айрым жарандарга “чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачылат, кошумча отчёттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчёт берип турушу керек.

Мындан кийин жергиликтүү 100дөн ашык уюм президенттин дарегине кайрылуу жолдоп, мыйзам долбооруна кол койбоого чакырышкан.

Мындан тышкары бир катар эл аралык уюмдар, бир нече өлкөлөрдөн 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюмдар, АКШ баштаган Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери мыйзамдын кабыл алынышына тынчсыздануусун билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG