Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:35

Өзбекстанда аялын жана кайненесин өлтүргөн киши 24 жылга кесилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда аялынын жана кайненесинин өлүмүнө айыпталган киши 24 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн 2-апрелде «Азаттыктын» өзбек кызматы билдирди.

Гүлистан шаардык соту ал эки аялды бычактап, өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн деген бүтүмгө келди.

Окуя Сырдарья облусунда болгону, жаңы эле баш кошкон жубайлардын үлпөт тоюна арнап алган эмерегин акча төлөнбөгөндүктөн кайра алып кетишкенде экөөнүн ортосунда чыр чыкканы айтылган.

Келин Тажикстандын жараны болгондуктан агасы документинин мөөнөтүн узартууга деп 2,3 миллион сум (1200 доллар) бергени, бирок күйөөсү ал акчаны коротуп койгондуктан кайненеси кийлигишип, аны менен да уруша кеткени маалым болгон.

Айрым маалыматтарга караганда, ал биринчи жубайына зомбулук көрсөткөнү үчүн да мурда соттолгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG