Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:35

Казакстанда окуучу кыздын апасы жазага тартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Павлодар шаардык жашы жете электер боюнча адистештирилген район аралык соту окуучу кыздын апасын “бала тарбиялоодогу энелик милдетин аткарган эмес” деп административдик жазага тартты. Бул тууралуу бүгүн 2-апрелде “Азаттыктын” казак кызматы жазды.

Бул окуя тууралуу буга чейин социалдык түйүндөрдө “Павлодар облусунда район акиминин уулу мектепте окуучу кызды мурдун сындыра чаап жиберген” деген маалымат тараган.

Кыздын энесине 51 688 теңге (116 долларга жакын акча) айыппул салынды.

Сот ал аялдын №8 мектепте окуган кызы алтынчы класстын окуучусу менен чырды өзү биринчи болуп баштаган деген бүтүмгө келди.

Иштин материалдарында айтылгандай, окуучу бала сабагына баратканда аны эки кыз жолун тороп, кийимин жана өзүн мазакташкан, өткөрбөй, колундагы суусундугун тартып алышкан. Натыйжада бала кызды бетке чаап жиберген.

Кыз «майда бейбаштык» кылган, баланын агрессиясын козуткан деп айыпталды.

Павлодар облусунда окуучу кыздын мурду сынганы, ал ооруканага жаткырылганы тууралуу маалыматты Казакстандын Окуу-агартуу министрлиги тастыктаган жана баланын ата-энеси административдик жоопко тартылганын маалымдаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG