Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

ТИМ Түркияда терактка шектелген жарандын тек-жайы такталып жатканын билдирди


Тышкы иштер министрлиги
Тышкы иштер министрлиги

Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Стамбул шаарында террордук акт жасоого шек саналып жаткан Тажикстандын жана Кыргызстандын жарандарынын кармалышы боюнча тараган маалыматтарга түшүндүрмө берди.

Ага ылайык, мекеме Стамбул шаарындагы Башкы консулдук менен бирге кармалган адамдын жарандыгын аныктоо иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Түркиянын басылмаларына шилтеме кылып, Тажикстандын 37 жаштагы жана Кыргызстандын 21 жаштагы жараны "Ислам мамлекети" террордук тобунун атынан Стамбул шаарында терракт жасоого даярданып жатканы аныкталып, кармалганын жазышкан. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG