Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

“Бишкекасфальтсервис” ишканасынын жетекчиси алмашты


Бакытберди Бекбоев.
Бакытберди Бекбоев.

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп Бакытберди Бекбоев дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Ишканага ушул жылдын январында Эмил Жамалов жетекчи болуп дайындалган эле. Өткөн айда аталган ишкананын кызматкерлери айлык көтөрүү жана сый акы төлөө талабы менен 25-мартта мэриянын алдына чогулуп, нааразылык билдиришкен.

Бишкекте жаз келгени көчөлөрдүн жолдору жыртылып, аң-чөнөктөр көбөйгөнүнө нааразылык айтылып жатат. Айрым жолдор салынгандан бир-эки жыл өтпөй жарактан чыгып жатканын социалдык тармактардын колдонуучулары жазып, сүрөт-видеолорун жарыялашууда.

Калаадагы жолдордун маселеси 2-апрелде парламентте дагы көтөрүлдү. Буга чейин мэрия “Бишкекасфальтсервис” жолдорду оңдоп, жамоо иштерин жүргүзүп жатканын билдирген.

“Бишкекасфальтсервис” шаардын жолдорун салуу, оңдоо иштерин аткарат. Асфальт-бетон аралашмаларын, темир-бетон буюмдарын, жол жана курулуш материалдарын даярдап чыгарат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG