Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:35

Гаагада Орусиянын Украинадагы согуш кылмыштары боюнча конференция башталууда


Украина.
Украина.

Гаага шаарында бүгүн 2-апрелде Орусия Украинага кол салган күндөн тартып жасалып жаткан согуш кылмыштары боюнча соттук териштирүүлөр боюнча маселе талкууланат.

Нидерланд, Украина жана Европа Биримдигинин аткаруучу жогорку органы – Европа комиссиясы биргелешип уюштуруп жаткан эл аралык конференция “Украина үчүн акыйкаттыкты калыбына келтирүү” деп аталат. Ага Батыштын бир катар расмий өкүлдөрү чакырылган.

Тышкы иштер жана юстиция министрлери, Эл аралык кылмыш сотунун жана Евробиримдиктин соттук органынын өкүлдөрү жазасыз калууга каршы күрөш жана жабыркагандарга кенемте төлөө маселесин талкуулашат.

Украин бийлиги аскердик кылмыштар тууралуу 120 миңдей иш тергелип жатканын, алардын баарында Орусия күнөөлүү экенин билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматы боюнча, Украинанын бул согушта каза болгон же жараат алган жай тургундары 30 миңге жетти.

Орусиялык аскерлер согуш кылмыштарына айыпталган окуялар буга чейин да болгон – Чеченстанда, Сирияда ж.б.

Кремль мындай айыптоолордун баарын четке кагып келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG