Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Тажикстанда теракт уюштурууга шектелген 20 киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети борбор калаа Дүйшөмбүдө террордук чабуул уюштурууга камданып жаткан деген шек менен 20 кишини кармаганын бүгүн 2-апрелде «Азаттыктын» тажик кызматы жазды.

Өлкөнүн коопсуздук органдарындагы булак алар Вахдат, Рогун жана Нурек шаарларынын тургундары экенин, баары тең Нооруз майрамынын алдында колго түшүрүлгөнүн айтып берди.

Алар Дүйшөмбүдө 25-мартта Нооруз майрамы белгиленип жатканда, эл эң көп чогулган учурда теракт уюштурууну көздөшкөнү, кылмыш иши козголуп, атайын кызмат Башкы прокуратура менен бирге тергеп жатканы маалымдалды.

Кармалган кишилердин Москвадагы террордук чабуулдан кийин камакка алынгандар менен байланышы бар же жогу да иликтенип жатканы айтылды. Алардын арасында жашы жете электер бар экени да кабарланууда.

29-мартта «Азия-Плюс» медиа тобу жана Reuters маалымат агенттиги өз булактарына таянып Тажикстанда Москвадагы “Крокус Сити Холлдогу” окуяга байланыштуу тогуз киши кармалганын жазышкан.

22-мартта Москванын чет жакасындагы «Крокус Сити Холл» борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болгон. Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын маалымдаган. Алардын ону тергөө абагына камалды. Камалгандардын сегизи теги тажикстандык экени белгилүү болгон.

"Крокус Сити Холлдогу" окуядан кийин каза болгондор 144кө жетти. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык эки кыз - Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнүн каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошкон. Маалыматты маркумдардын биринин жакындары “Азаттыкка” ырастаган. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аларды каза болду деп айтууга азырынча эрте деген маалымат тараткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG