Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

Орусияда камакта отурган журналист Алсу Курмашеванын абак мөөнөтү дагы эки айга узарды


Алсу Курмашева.
Алсу Курмашева.

Орусияда сот дээрлик жарым жылдан бери камакта отурган журналист, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы Алсу Курмашеванын камак мөөнөтүн дагы эки айга узартты. Бүгүн 1-апрелде Татарстандын борбору Казан шаарынын Совет райондук соту тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, аны 5-июнга чейин абакта кармоо чечимин кабыл алды.

Ал эми жактоочунун журналистти үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчүн бул жолу да четке какты.

Сот отурумуна АКШнын башкы консулу Стюарт Уилсон да катышты. Ал Курмашевага колдоосун билдирүү үчүн барганын элчиликтин кызматкери айтты.

Алсу Курмашева журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып абактагы шарты аябай начар болуп жатканын, медициналык жардам "минималдуу" экенин, эки киши беш чарчы метрлик камерада кармалып отурганын айтып берди.

АКШнын жана Орусиянын жараны, Чехиянын борбору Прагада жашаган Алсу Курмашева былтыр май айында үй-бүлөлүк иштери менен Орусияга барган. Июнда кайра кайтып жаткан учурда аны аэропорттон кармап, эки паспортун тең алып коюшкан.

11-октябрда Казан соту Курмашеваны «экинчи жарандыгы бар экени тууралуу тийиштүү органдарды кабардар кылган эмес» деген айып менен соттоп, 10 000 рубль (110 доллар) айыппул салган.

18-октябрда «чет өлкөлүк агент катары каттоого турган эмес» деген жаңы айып тагылып, журналист камакка алынган. Мындай кине менен соттолгонор беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

12-декабрда айрым маалымат каражаттары Курмашевага «орусиялык аскерлер тууралуу фейк маалымат тараткан» деген айып тагылып жатканын, анын жазасы 10 жылга чейин эркинен ажыратуу экенин жазышкан.

18-декабрда Европа Биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррел Орусияны Курмашеваны «тез арада бошотууга» дагы бир жолу үндөгөн.

Орусиянын белгилүү «Мемориал» укук коргоо уюму Курмашеваны саясий туткун деп тааныган.

Курмашева өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG