Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

Кочкор-Атадагы окуядан улам Жалал-Абад облустук милиция башчысы кызматтан алынды


Интернетке тараган видеодон алынган сүрөт
Интернетке тараган видеодон алынган сүрөт

Кочкор-Ата шаарында тартылып, коомдо талкууга түшкөн видеодон улам Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Абитов жана анын орун басары Ильяс Касымбаев кызматтан алынды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын 1-апрелдеги билдирүүсүндө мындай чечим аталган кызматкерлер "укук коргоо органдарынын Тартиптик уставынын талаптарын бузуп, кол алдындагылар арасында мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин сакталышына жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү, бейбаштык фактысы менен козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамдуу аракет көрбөгөнү" белгиленген.

Ошондой эле "шектүү же айыпкер катары аныктала элек жарандарды коомдук жайда эскертүүсүз күч колдонуп кармап жатканы тууралуу видеолор милиция кызматкерлеринин аброюна шек келтиргени" жазылган.

Маалыматка караганда, Кочкор-Атадагы окуяга байланыштуу кызматтык иликтөө жүрүп, жыйынтыгында министрликтин буйругу чыккан. Анын негизинде облустук милициянын дагы 13 жетекчи кызматкерине тартиптик жаза берилген.

27-мартта милициянын атайын бөлүгүнүн 4-5 беткапчан, куралчан кызматкерлери бир кишини жерге жаткырып алып кармап жатканы тартылган видео интернетке тараган. Кармалган адамдын баласы атасына болушуп, аларды тээп жиберген. Атайын бөлүктүн өкүлдөрү ата-баланы башка-көзгө койгулап, колдорун кайрып машинеге салып кеткен.

Окуя бир туугандардын базар талашынан чыккан жаңжал боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу экени кийинчерээк белгилүү болгон.

Милиция кызматкерлери "майда бейбаштык" кылган кишини кооптуу кылмышкердей кармап кеткени коомдо катуу сынга кабылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG