Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:35

Франция-Кытай сүйлөшүүлөрүндө Украина маселеси козголду


Стефан Сежурне жана Ван И. 2024-жылдын 1-апрели.
Стефан Сежурне жана Ван И. 2024-жылдын 1-апрели.

Франция Кытайдан Украина маселесине байланыштуу Орусияга таасир этүүсүн күтөт. Бул тууралуу 1-апрелде Бээжинге иш сапар менен барган Франциянын тышкы иштер министри Стефан Сежурне билдирди.

Кытайлык кесиптеши Ван И менен жолугушууда ал Кытайды Украинадагы согушту токтотуу үчүн Орусияга болгон таасирин колдонууга чакырды жана сүйлөшүүдөн кийинки маалымат жыйында:

"Кеп стратегия тууралуу гана эмес, канткенде Украинада тынчтыкты жана, балким, орусиялык аскерлердин чыгарылышын камсыз кыла алабыз, мына ушу тууралуу да болот. Ошондуктан биз Орусияга так белги беришибиз керек. Кытай да өтө так белгилерин жөнөтөт деп күтөбүз", – деп билдирди.

Сежурне Украинанын көз каранды эместигин камсыздоодо жана эл аралык укукту урматтоодо Кытай негизги ролду ойной турганын айтып, “күчтөрдүн Украина үчүн жагымдуу тең салмактуулугуна” чакырды. Эл аралык укукка негизделген тынчтык болбосо европалыктардын коопсуздугу камсыздалбай турганын, азыркы согуш жалпы эл аралык коомчулукка тийиштүү экенин белгилеп, Франция бул маселеде Кытай менен тыгыз диалогду колдой турганын кошумчалады.

Орусия Украинага 2022-жылы кол салган. Бул үчүн көптөгөн өлкөлөр менен алакасы начарлаган. Ал эми Кытай бийлиги Москва менен кызматташтыгын күчөтүүдө.

Жакында Кытай лидери Си Цзинпин Францияга барары пландалууда.

Быйыл февралда Парижде француз президенти Эммануэл Макрон менен жолугушууда Кытайдын башкы дипломаты Ван И «Франциянын көз каранды эмес позициясын» баалай турганын айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG