Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Киевге жыл башынан бери 130 жолу ракета чабуулу жасалды


Киев. 2024-жылдын 25-марты.
Киев. 2024-жылдын 25-марты.

Быйыл жыл башынан бери Орусия Украинанын борбору Киевге өтө жогорку ылдамдыктагы «Циркон» ракеталары менен беш жолу чабуул койгонун бүгүн 1-апрелде шаардын аскердик администрациясы билдирди.

Соңку үч айда орус аскерлери украин борбор калаасына жалпысынан 180 жолу сокку урганы, курал-жарактын түрү, анын арасында ракеталар жана учкучсуз учактар колдонулганы айтылды.

1-апрелге караган түнү Украинанын Аскердик-аба күчтөрү Киевдин аба мейкиндигинен "Шахед" дрондорунан үчтү атып түшүрүшкөнү белгилүү болду.

Сумы облусунда украиналык чек арачылар «орусиялык диверсанттардын кол салуусун алдын алуу иш-чарасын» жүргүзүшкөнү маалымдалды.

Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда «Украина. 2024-жыл» форумунда сүйлөп жатып, Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айткан.

20-мартта министр «Рамштайн» форматындагы жолугушууда өнөктөштөрдөн жардам жакынкы эки аптада тиет деген үмүт бар экенин билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG