Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:27

Өзгөндө жер көчкү жаракалары байкалды


Жер көчкү жаракасы. Өзгөн. 1-апрель, 2024-жыл.
Жер көчкү жаракасы. Өзгөн. 1-апрель, 2024-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагындагы Жийде айлынын түштүк-батыш тарабында жер көчкү жаракалары пайда болгондуктан, изилдөө иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жер көчкүнүн козголуу белгилери байкалган тилке атайын инженердик шаймандар менен изилденди. Жаракалардын жылышуусун так аныктоо максатында алардын айланасына атайын казыктар, белгилер орнотулуп, мезгил-мезгили менен байкоо жүргүзүлүп турат.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында тиешелүү сунуштар камтылган корутундулар менен атайын эскертүүчү каттар даярдалып, тийиштүү тараптарга жөнөтүлгөн.

ӨКМдин маалыматына караганда, бул кооптуу аймакта 13 үй жана унаа жолу бар.

Кыргызстанда жер көчкүлөрдүн 93% Ош жана Жалал-Абад облустарына тиешелүү. Бул аймактарда адам өлүмү менен коштолгон жер көчкүлөр бир нече жолу катталган.

2003-жылы Өзгөндө жер көчкү бир айылды басып калып, 40 адам набыт болгон. 2009-жылы Аксыда жүргөн жер көчкүдө Райкомол айылынын 16 тургуну көз жумган, анын 11и балдар болчу.

2017-жылы жер көчкү Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында жети үйдү басып, 24 киши анын алдында калган. Беш күн бою жүргүзүлгөн издөө, казуу иштеринде сегиз кишинин сөөгү табылган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG