Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Шаардык сот Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасын 5-апрелде карайт


Сайпидин Султаналиев сотто. 5-февраль, 2024-жыл.
Сайпидин Султаналиев сотто. 5-февраль, 2024-жыл.

Бишкек шаар соту “Арча Медиада” (мурдагы Next TV) иштеген журналист Сайпидин Султаналиевдин адвокаты келбей калгандыгына байланыштуу анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арызын кароону 5-апрелге калтырды.

Аталган сот 1-апрелде журналисттер Жоодар Бузумовдун, Махабат Тажибектин жана Актилек Капаровдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арызын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Өткөн аптада шаардык сот “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулунун, бул медианын мурдагы кызматкери, “ПолитКлиника” басылмасында иштеген Тыныстан Асыпбековдун, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун жана "Темиров LIVE" редакциясынын кабарчысы Айке Бейшекееванын бөгөт чарасын да өзгөртүүсүз калтырган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 12-марттагы чечими менен бул журналисттерди 13-майга чейин камакта калтырган.

Журналист Акыл Орозбеков үй камагына чыгарылып, Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тил каты менен абактан бошотулган. “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (AiB/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG