Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

1-апрель: Журналисттер камакта калды, Жогорку Кеңеште Орусиядагы мигранттардын маселеси көтөрүлдү


Журналист Актилек Капаров. Бишкек шаардык соту. 1-апрель, 2024-жыл.
Журналист Актилек Капаров. Бишкек шаардык соту. 1-апрель, 2024-жыл.

1-апрелде Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Журналисттер камакта калды

Дүйшөмбү күнү Бишкек шаардык соту журналисттер Махабат Тажибек кызынын, Актилек Капаровдун жана Жоодар Бузумовдун бөгөт чарасын карап, Биринчи Май райондук сотунун 12-марттагы чечимин күчүндө калтырды. Ага ылайык, журналисттер 13-майга чейин камакта болот.

Өткөн аптада шаардык сот “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулунун, Айке Бейшекееванын, бул медианын мурдагы кызматкери, “ПолитКлиника” басылмасында иштеген Тыныстан Асыпбековдун, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун бөгөт чарасын да өзгөртүүсүз калтырган.

16-январда кармалган 11 журналисттин үчөө март айында тергөө абагынан бошотулган. ИИМ журналисттер “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы "массалык башаламандыктарга чакырык жасаган" материалдарга байланыштуу козголгон иштин алкагында кармалганын билдирген. Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

Москвадагы кол салууда жоголгон кыздардын ДНК анализдери чыга элек

Орусиянын баш калаасынын жака белиндеги "Крокус Сити" борборундагы кандуу окуядан кийин жоголгон эки кыргызстандык кыздын ДНК анализдеринин жыйынтыгы даяр боло элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 1-апрелдеги жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев билдирип, бул боюнча кыргыз тарап Орусиянын тийиштүү органдары менен иш алып барып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, "Крокус Ситидеги" 22-марттагы кол салуудан кийин ар кандай себептер менен 69 кыргызстандык Орусияга киргизилген жок.

Комитет жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Орусияда мигранттарга карата текшерүүлөр күчөтүлүшү мүмкүн экенин эскертти.

Бишкекте митингдерди чектеген чечим дагы үч айга узарды

Бишкектеги жергиликтүү бийликтин митинг-пикеттерди чектеген чечиминин мөөнөтү дагы үч айга узартылып, 30-июнга чейин борбордук аянтта жана айрым көчөлөрдө тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салынды.

Борбор калаанын Биринчи Май райондук соту ушул эле райондун администрациясынын тынч жыйындарды өткөрүүнү чектөө тууралуу арызын 29-мартта карап, канааттандырган чечим чыгарган.

Бул чектөө 2022-жылдын март айында эле кабыл алынган. Ошондон бери мөөнөтү улам үч айга узартылып келе жатат. Бир катар жарандык активисттер бул чечимди жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугунун чектелиши деп сыпатташат.

Олжобай Шакирдин иши: көз карандысыз экспертизанын тыянагы чыкты

Олжобай Шакир сотто. Бишкек. 1-апрель, 2024-жыл
Олжобай Шакир сотто. Бишкек. 1-апрель, 2024-жыл

Көз карандысыз экспертиза жазуучу жана публицист Олжобай Шакирдин камалышына негиз болгон видеодо "жапырт башаламандыкка чакырык жок" деп корутунду чыгарды.

Мамлекеттик эксперт менен тергөөчү отурумга келбегендиктен Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунда дүйшөмбү күнгө белгиленген сот жараяны бир аптага жылды. Олжобай Шакир өзү саламаттыгы начарлап жатканын айтып, дарылануу үчүн үй камагына чыгарууну суранууда.

1-апрелде сот залына колунда кишен менен киргизилген Олжобай Шакир отурумга келген жакындарын кайраттуу болууга үндөдү.

Матраимовдорду үй камагына чыгаруу боюнча арыз түштү

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир туугандары Исламбек жана Руслан Матраимовдордун адвокаттары алардын бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүү тууралуу арыз менен Ош облустук сотуна кайрылды.

Маалыматты облустук соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады. Арыз качан каралары айтылган жок.

УКМК Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалганын билдирген. Алар 26-мартта Бишкекке алынып келген.

Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Түркиядагы шайлоолор: оппозиция чоң шаарларда жеңишке жетти

Түркияда 31-мартта өткөн муниципалдык шайлоолордун алдын ала жыйынтыктарына ылайык, оппозициячыл талапкерлер чоң шаарларда жеңишке жетти.

Стамбул мэрин шайлоодо соңку 5 жылдан бери бул кызматты аркалаган оппозициялык талапкер Экрем Имамоглу утуп чыкты. Добуштар дээрлик саналып бүткөн кездеги эсепке ылайык, Имамоглу 51,08%, ал эми анын атаандашы, башкаруучу партиянын мүчөсү Мурат Курум 39,59% добуш алды.

Башкалаа Анкарада да учурдагы мэр, оппозициячыл талапкер Мансур Яваш алдыда келе жатат.

Түркияда муниципалдык шайлоолордо негизги таймаш оппозициячыл Элдик-республикалык партиянын жана бийликтеги "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясынын (АК) талапкерлери ортосунда өттү. Алар Стамбул жана Анкарадан тышкары Измир сыяктуу ондогон ири шаарлардын бийлиги үчүн ат салышты.

Газа тилкесиндеги кырдаал

Израил Газа секторундагы аскердик операциясын улантууда. Бүгүн 1-апрелде да сектордун айрым аймактарын аткылоодон кийин түтүн каптаганын Associated Press маалымат агенттиги билдирди.

Эл аралык гуманитардык жардам парашют менен Газанын түштүк-батышындагы Муваси пляжына жеткирилгени маалымдалды.

Айрым маалыматтарга караганда, жөөт аскерлери аш-Шифа ооруканасынын имаратынан чыгып кетишти. Алар аталган ооруканага эки апта мурда чабуул коюшкан жана согушкерлерге каршы операция жүргүзүп жатканын билдиришкен.

Израилдин ХАМАС тобуна (АКШда жана Евробиримдик аймагында террордук деп жарыяланган) каршы дээрлик алты айдан берки согушу аталган анклавдагы ооруканаларды, мектеп жана бала бакчаларды, жолдорду, канализациялык системаларды жана электр түйүндөрүн керектен чыгарды.

Казакстанда сел каптаган аймактардан элди эвакуациялоо уланууда

Актөбө облусундагы кыштактардын бириндеги кырдаал, 29-март 2024-жыл.
Актөбө облусундагы кыштактардын бириндеги кырдаал, 29-март 2024-жыл.

Казакстанда бир нече күндөн берки селге байланыштуу өлкөнүн батышында, чыгышында жана борбордук бөлүгүндө өзгөчө кырдаал мекемелери эвакуациялоо, тазалоо жана жээктерди бекемдөө иштерин жүргүзүп жатышат.

«Азаттык» радиосунун казак кызматынын 1-апрелдеги маалыматына караганда, суу каптаган аймактардан эвакуация болгондордун саны дээрлик 13 миңге жетти, алардын жарымы убактылуу жайларга жайгаштырылды.

Селден эң көп жабыркаган аймак Актөбө облусу болууда, бул жердин 350дөй тургуну башка жактарга убактылуу көчүрүлдү.

Украинанын бир катар аймактары Орусиянын аткылоосуна кабылды

Орусия соңку суткада Украинанын бир катар аймактарын аткылаганын, бир адамдын өмүрү кыйылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бүгүн 1-апрелде билдиришти.

Херсон облусунун башчысы Александр Прокудин 16 калктуу пункт, анын ичинен облустун борбору бутага алынганын, Берислав районуна ракеталык чабуул жасалганын кабарлады.

Бул облуста 15 чакты үй талкаланганы, газ түтүктөрүнө, айыл чарба ишканасынын насостук станциясына, өнөр жай компаниясынын аймагына, гараждарга, автомашиналарга сокку урулганы маалымдалды.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG