Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:35

Казакстанда сел каптаган аймактардан элди эвакуациялоо уланууда


Актөбө облусу. 2024-жылдын 29-марты.
Актөбө облусу. 2024-жылдын 29-марты.

Казакстанда бир нече күндөн берки селге байланыштуу өлкөнүн батышында, чыгышында жана борбордук бөлүгүндө өзгөчө кырдаал мекемелери эвакуациялоо, тазалоо жана жээктерди бекемдөө иштерин жүргүзүп жатышат.

«Азаттык» радиосунун казак кызматынын 1-апрелдеги маалыматына караганда, суу каптаган аймактардан эвакуация болгондордун саны дээрлик 13 миңге жетти, алардын жарымы убактылуу жайларга жайгаштырылды.

Селден эң көп жабыркаган аймак Актөбө облусу болууда, бул жердин 350дөй тургуну башка жактарга убактылуу көчүрүлдү.

Абай облусунда төрт адам эвакуация болду. Эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан эки малчы табылды, алар медициналык жардамга муктаж эмес экени айтылды.

Костанай облусунда 56 киши жана 110 баш кой-эчки коопсуз жерлерге чыгарылды. Атырау облусунда дарыялардын жээгин бекемдөө иштери жүрүп жатканы, Батыш-Казакстан облусунун айрым аймактарынан элди башка жакка чыгарып кетишкени, Улытау жана Караганда облустарында да кооптуу аймактарда изилдөө иштери жүргүзүлгөнү маалымдалды.

Өзгөчө кырдаалдар штабынын 31-марттагы отурумунда эвакуация болгондор 11 306 адам экени, ондогон атвожолдор жана кеминде бир чоң көпүрө жарактан чыкканы айтылган.

Азыркы абалдын жаралышына калың жаап топтолгон кардын чукул эриши жана жаан-чачын себеп болгону кабарланган. Айрым жерлерде жергиликтүү тургундар бийликтин даярдыгы жоктугуна нааразы болуп, акцияга чыгышкан. Президент Касым-Жомарт Токаев жергиликтүү бийликти жана тийиштүү мекемелерди сындап, жабыркаган элден кечирим сураган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG