Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:48

Москвадагы кол салууда жоголгон кыздардын ДНК анализдери чыга элек


24-март, 2024-жыл. Москва
24-март, 2024-жыл. Москва

"Крокус Ситидеги" кандуу окуядан кийин жоголгон эки кыргыз кызынын ДНК анализдери даяр боло элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 1-апрелдеги жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев билдирди. Министрдин орун басары бул боюнча Орусиянын тийиштүү органдары менен иш алып барып жатканын айтты.

“Элчилик, министрлик аркылуу Орусия тарапка кайрылып, тез арада ДНК текшерүү жумуштарын бүтүрүп берүүнү сурандык. Бир жуманын ичинде так маалымат чыгып калса, коомчулукка маалымат бергенде мүмкүнчүлүк болот”, - деди министрдин орун басары.

Парламенттин комитет жыйынында Москвадагы кол салуудан кийин кыргыз мигранттарынын абалы жөнүндө маалымат угулду. Имангазиев "Крокус Ситидеги" кандуу окуядан кийин ар кандай себептер менен 69 кыргызстандык Орусияга киргизилбегенин билдирди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Орусияда мигранттарды текшерүү күчөтүлүшү мүмкүн экенин айтты.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кол салуудан кийин дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык эки кыз - Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнүн каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошкон.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги министрликтин сайтына жарыяланган тизмеде генетикалык экспертизасы бүтө элек жарандар боюнча маалымат камтылганын белгилеп, кыздарды каза болду деп айтууга азырынча эрте деп билдирген.

22-мартта Москвадагы концерттик залда теракт болгон. Анда камуфляж кийген төрт кылмышкер туш келди ок чыгарган жана борбор өрттөнгөн. Акыркы маалыматтар боюнча терактта жараат алган адамдардын саны 551ге жетти. 144 адам мерт болду.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал тобу өз мойнуна алган. Федералдык коопсуздук кызматы калабага байланыштуу 11 шектүү кармалганын билдирген. Алардын ичинен тажикстандык төрт киши “теракты ишке ашырууга” шек саналып эки айга камалган.

Андан сырткары "кол салууга байланышы бар" деген шек менен Исроил Исломов уулдары Аминчон жана Диловар менен камалды. Ошондой эле теги кыргызстандык, орус жараны Алишер Касимов да кармалды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG