Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:01

Казак полициясы дайынсыз жоголгон кыргызстандык Астанада табылганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Астананын полиция департаменти дайынсыз жоголгон кыргыз жараны табылып, Кыргызстандын ал өлкөдөгү элчилиги аркылуу агасы менен жолуктурулганын билдирди. Бул тууралуу шаардык полиция департаменти Фейсбуктагы баракчасында кабарлады.

Астананын полиция департаменти маалымдагандай, кыргызстандык аял 2014-жылы Казакстанга келген соң туугандары менен байланышы үзүлүп калган. Полиция жарыялаган видеодон кыргызстандык жаран 10 жыл мурда жоголуп кеткен карындашын таап бергени үчүн полицияга ыраазылык айтып жатканын көрүүгө болот.

Коңшу өлкөнүн полициясы кыргызстандык аял кандайча дайынсыз болуп кеткени, мекенине эмне үчүн кайта албай жүргөнү боюнча маалымат берген жок.

Казакстандын аймагында расмий эсеп боюнча 35 миңден ашык кыргызстандык жашап, иштейт. Бейрасмий эсепте алда канча көп болушу мүмкүн.

Буга чейин Казакстанда документи жок кыргызстандыктар кулчулукка кабылган учурлар катталып келет. 2023-жылы октябрь айында Кыргызстандын 15 жылдан бери дайынсыз болуп келген эки жараны Казакстандын Жамбыл облусунда табылган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG