Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Аксыда окуучу бычак жеп каза тапты


Аксы району. Кербен айылы
Аксы району. Кербен айылы

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 18 жаштагы окуучу 16 жаштагы өспүрүмгө бычак сайып, ал алган жараатынан улам ооруканада каза болду.

Райондук милиция билдиргендей, окуя 31-мартта Кош-Дөбө айылында болгон. Шектүү да оорукананын сынык-жараат бөлүмүнө жеткирилген.

Азыр “Бейбаштык” фактысы боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иши жүрүп жатканы маалымдалды. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерден маки (бүктөмө бычак) тапкан.

Милиция берген маалыматка караганда, тараптар чачтарачта кезек талашып, уруша кеткен. Аягы кандуу окуя менен аяктаган.

"Алар сыртка чыгып, шектүү деген жаран каза болгон өспүрүмдү уруп жиберген. Ал башы менен дубалга тийген. Чөнтөгүндөгү макиси менен өспүрүмдү санына жана бетине сайып жиберген", - деп жазылган билдирүүдө.

Экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда. Райондук ички иштер бөлүмү тергөөнүн жүрүшүндө берене өзгөрүшү ыктымал экенин кабарлады.

Каза тапкан окуучунун жакындары комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG