Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:15

Зеленский жардамды кечиктирүү Украинага кымбатка түшкөнүн айтты


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

АКШнын 60 млрд. доллардык аскердик жардамды кечиктиргени Киевге кымбатка түштү. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский The Washington Post гезитине курган маегинде айтты.

"Биз жарым жылды жоготтук. Мындан ары убакытты жогото албайбыз. Украина партиялар ортосундагы саясий суроо болбошу керек", - деди Зеленский.

"АКШнын колдоосу болбосо, бизде абадан коргонуу да болбойт, "Патриот" ракеталары жок, радиоэлектрондук кармаш үчүн каражаттар да жок, 155-миллиметрлик артиллериялык снаряддар да жок", - деди Зеленский. Ал курал тартыш болгон учурда армия чектелген гана операцияларды жүргүзө аларын кошумчалады.

Украин президенти Орусиянын энергетикалык системасына урулган соккулар тууралуу суроого жооп берип жатып, америкалык расмийлер муну жактырбаганын, бирок Вашингтон Украинага өзүнүн куралын колдонууга тоскоол боло албасын белгиледи.

"Биз өзүбүздүн учкучсуз учактарыбызды колдонуп жатабыз, эч ким бизге аны колдонбо деп айта албайт", - деди Зеленский. Ал Украина энергетикалык системасына урулган соккуну, так ошондой жооп кайтаруу менен гана токтото аларына да токтолду.

"Эгер биз энергосистемабызды абадан коргой албасак, орусиялыктар ага чабуул кое берет. Мен биз эмнеге анте албайбыз деп сурагым келет. Алардын коомчулугу да бензинсиз, дизелсиз, электрсиз жашоого үйрөнүшү керек. Орусия токтогондо, биз да токтойбуз", - деди Зеленский.

Орусиянын аймагындагы бир катар мунай иштетүүчү заводдорго маал-маалы менен дрон чабуулу болуп келет.

Орусиялык аскерлер болсо 22-мартка караган түнү Украинанын энергетика тармагына жапырт сокку уруп, Харьков облусундагы Змиёв ЖЭБи иштен чыккан. Киев бул чабуулда орусиялыктар 90 ракета, 60 "Шахед" учкучсуз учагын колдонгонун билдирген.

Орусия Украинанын энергосистемасына сокку урганын жокко чыгарган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG