Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:53

Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары жолукту


Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов. Архив сүрөт.
Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов. Архив сүрөт.

Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолукту. Алар чек ара маселелерин талкуулаганын жергиликтүү бийликтен «Азаттыкка» ырасташты.

Азырынча өкмөт жолугушуу жөнүндө кенен маалымат бере элек.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык топторунун кезектеги жолугушуусу Баткенде 25-мартта башталган.

Буга чейинки сүйлөшүүлөр өткөн аптада Тажикстандын Бустон шаарында өткөн. Тараптар дагы 11 чакырымга жакын чек ара сызыгы боюнча мунаса табылганын жарыялаган.

16-мартта эки мамлекеттин өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары, УКМК мекемелеринин жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов Тажикстандын Бустон шаарында жолугуп, мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси талкуулаган.

Анда Ташиев менен Ятимов кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топко калган тилкелерде ишти улантуу боюнча тапшырмаларды беришкен.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын 11-декабрында Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөгөндө Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын белгилеген.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы президенттер жолуккан маалда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын билдиришкен. Тараптар буга чейин жарыялаган маалыматтарына ылайык, акыркы беш айда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын 210 чакырымдайы боюнча орток пикир табылган. Тактала элек тилкелер негизинен Баткен районунун аймагында жайгашкан жана эң чырлуу жана кыйын делген бөлүктөр болуп саналат.

Чек ара маселеси чечилбегендиктен аймакта чыр-чатактар орун алып турган. Эң ири жана көп курмандыктарга алып келген жаңжалдар 2021-жылдын апрель-майында жана 2022-жылдын сентябрында катталган. Биринчи ири жаңжалдан кийин Кыргызстан делимитациялоо жана демаркациялоо иштери толук аяктаганга чейин чек арасын бир тараптуу жапкан. Мунун фонунда чек араны тактоо иштери ыкчамдатылган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG