Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

Грузияда ЛГБТ өкүлдөрүн чектей турган мыйзам даярдалууда


Мамука Мдинарадзе.
Мамука Мдинарадзе.

Грузияда ЛГБТ укуктарын кыйла чектей турган мыйзам долбоору даярдалып жатат. Бул тууралуу бүгүн 25-мартта башкаруучу «Грузин кыялы» партиясынын аткаруучу катчысы Мамука Мдинарадзе билдирди.

Анын айтымында, эгер партия иштеп чыккан мыйзам долбоору колдоо тапса, Конституцияга өзгөртүү киргизилет, ЛГБТ укуктары чектелет.

Мисалы, трансгендердик операцияларга, бир жыныстагы адамдардын үй-бүлө катары бала асыроосуна, расмий документтерге эркек же аял дегенден башка жынысты көрсөтүүгө тыюу салынат.

Бир жыныстагы адамдардын жыныстык катнашына үгүттөөчү иш-чараларды уюштурууга да уруксат берилбейт.

Мындай сунуш Грузия быйыл октябрда өтө турган парламенттик шайлоого даярданып жаткан учурга туш келди.

Грузия Европа Биримдигине талапкер деген расмий макамга 2023-жылы ээ болгон.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG