Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

“Чоң жети” өлкөлөрү Иранга кайрылып, Орусияга баллистикалык ракета бербөөнү эскертти


Ирандын баллистикалык ракеталары.
Ирандын баллистикалык ракеталары.

“Чоң жети” уюмунун өлкөлөрү (Group of Seven, “Группы семи”) Иранга кайрылып, ал Орусияга баллистикалык ракета жеткирсе Батыш “катуу” жооп чараларды кабыл аларын эскертти.

“Эгер Иран баллистикалык ракеталарын жана тиешелүү технологияларын Орусия жеткире баштаса, биздин жооп ыкчам жана бирдей болот. Анда Иранга каршы өтө маанилүү жаңы чечимдер кабыл алынат”, – деп айтылат АКШнын, Улуу Британиянын, Франциянын, Канаданын, Италиянын, Германиянын жана Жапониянын биргелешкен билдирүүсүндө.

Чаралардын бири катары Ирандын флагман деп эсептелген Iran Air авиакомпаниясына Европага учуусуна тыюу салуу маселеси аталды.

Мындай эскертүү "Тегеран Москвага жакынкы аралыкка атылуучу 400 даана баллистикалык ракета жеткириши мүмкүн" деген кабарлардын фонунда жаңырды.

Мурдагы аптада Ирандын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) өкүлчүлүгү Орусияга курал-жарактарды экспорт кылууга эч кандай тыюу жоктугун, ошол эле маалда Тегеран “согушту дагы да күчөтүп албоо үчүн” мындай аракеттерден карманып турарын билдирген.

Орусия Украинга кол салгандан кийин курал-жарак жетишсиздиги жаралып, Ирандан учкучсуз учуучу дрондорду ала баштаган. Иран алгач муну төгүндөгөнү менен кийин далилдер пайда болгон маалда “аз көлөмдөгү” дрондорду Москва Украинага чабуул жасаганга чейин бергенин жарыялаган. Орус армиясы Ирандан негизинен “Шахед” дрондорун алып жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG