Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:35

Баткенде миграциядагы кыз-келиндерди колдоо долбоору ишке ашты


Баткен шаары. Архив
Баткен шаары. Архив

Баткен районунун Тажикстан менен чектеш үч айыл аймагында “Баарлашуу, ишеним, укук” коомдук бирикмеси “Чек ара аймактарында мигранттардын үй-бүлөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорун ишке ашырды.

Долбоордун алкагында мигранттардын үй-бүлөлөрүндө жашаган 20 кыз-келин ишкердик жүргүзүү, стресске каршы туруктуулук, финансылык сабаттуулукту жогорулатуу, үй-бүлөлүк бюджетти пландаштыруу багытында атайын окуулардан өттү.

Аларга бизнес долбоорлорун жазып, иш баштоого зарыл болгон каражат өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан кайтарымсыз негизде берилди. Кыз-келиндердин баары ишкердигин баштап, киреше таба баштады.

Долбоордун экинчи бөлүгүндө чек арадагы айылдарда жайгашкан 8 мектептин социалдык педагогдору жана мугалимдери балдардын жана өспүрүмдөрдүн психологиясы, миграциядан жабыркаган балдардын муктаждыктары менен иштөө боюнча кыска мөөнөттүү даярдыктан өтүп, психологдон насаатчылык кеңеш алышты.

Долбоор Европа Биримдиги тарабынан Борбордук Азиядагы чек араларды башкарууга көмөк көрсөтүү (BOMCA-10) программасынын алкагында каржыланган, аны «Баарлашуу, ишеним, укук» коомдук бирикмеси ишке ашырып жатат.

Баткен облусу жумушсуздуктан улам элдин башка жактарга иштеп кетиши боюнча алдынкы сапта турат. Облустук бийлик аймактан 26 миңден ашык адам чет өлкөгө жумуш издеп чыгып кеткенин билдирсе, миграция багытында иш алып барган эл аралык уюмдар Баткен облусунун жалпы калкынын 23%, башкача айтканда, 130 миңдей киши миграцияда экенин билдирген.

Расмий сататистикада өлкөдө туруктуу жашабагандардын 22% көбү Баткенге туура келет. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен четте миграцияда жүргөн облус тургундар 16 млрд сомдон ашык каражат которгон. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG