Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Орусияда “чет элдик агенттердин” ресурстарына жарнама жайгаштырууга тыюу салынды


Орусиянын президенти Владимир Путин. 29-февраль, 2024-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин. 29-февраль, 2024-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин “чет элдик агенттердин” ресурстарында жарнама жайгаштырууга тыюу салган мыйзамга кол койгонун ТАСС агенттиги кабарлады. Буга чейин Мамлекеттик Дума февралдын соңунда кабыл алган мыйзамды Федерация Кеңеши жактырган.

Мыйзамга ылайык, орус жарандарына жана компанияларына “чет элдик агенттердин” ресурстарына (cоциалдык тармактардагы каналдарына, блогдоруна, баракчаларына) жарнама жайгаштырууга тыюу салынат. Ошондой эле “чет элдик агенттердин” өзүлөрүн маалымат каражаттарында жана Интернетте жарнамалоого болбойт.

“Чет элдик агенттин” каналына жарнама жайгаштыргандар эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

“Былтыр эле “чет элдик агенттердин” маалымат ресурстарына 200дөй орусиялык жаран жана компания өз товарларынын жана кызматтарынын жарнамаларын жайгаштырган”, - деп жазган мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, Мамдуманын спикери Вячеслав Володин өзүнүн Телеграм каналында.

Роскомнадзордун маалыматына ылайык, “чет элдик агенттер” 2023-жылы жарнамадан 130 миллион рубль табышкан.

"Чет элдик агенттер" тууралуу мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, Юстиция министрлиги чет жактан каржыланган жана саясий ишмердик менен алектенген коммерциялык эмес уюмдарды "чет өлкөлүк агент" деп тааный алат.

Кыргызстанда “чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Парламент аны 22-февралда экинчи окууда колдогон. Автору Надира Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбосун” айтып келет.

“Адилет” укуктук клиникасы Надира Нарматова негизги автор болгон документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG