Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

Садыр Жапаров аялдардын саясатка катышуусун колдоо керектигин билдирди


Кыз-келиндерди колдоо акциясында тартылган сүрөт. Архив.
Кыз-келиндерди колдоо акциясында тартылган сүрөт. Архив.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда аялдардын саясатка, бизнеске, илимге жана башка тармактарга катышуусун колдоо керектигин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчынын 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата жолдогон куттуктоосунда айтылат.

Жапаров өлкө тарыхында аялдардын саясий ажырымды жоюуга, социалдык топтордун көйгөйлөрүн аныктоого кошкон салымын белгилеген.

Билдирүүдө Кыргызстанда аялдар, балдар жана үй-бүлө маселелерин координациялоо президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнө жүктөлөрү жазылган.

Мунун алдында президент “2030-жылга чейин аялдар лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасы жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Бул программанын максаты мамлекеттик саясаттын гендердик теңчилик жаатындагы артыкчылыктарын белгилөө жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат. Документ аялдардын өлкөнүн саясий, экономикалык жана коомдук турмушуна активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле негизги чечимдерди кабыл алууда алардын ролун жогорулатууга багытталган.

Кыргызстанда аялдардын бийликтеги орду, мамлекеттик жетекчилик кызматтардагы жетишсиздиги тууралуу маселе эгемендик алгандан бери улам көтөрүлүп келип, 2009-жылы Кыргызстан гендер теңдиги жөнүндө мыйзам кабыл алган. Анда бир жыныстагы кызматкерлердин саны жалпы жамааттын 30 пайызынан кем болбошу керек деп жазылган.

Коомчулукта бул талап көбүнчө эмгек акысы аз төлөнгөн кесиптерде, социалдык кызматтарда эле сакталып келе жатканына дооматтар бар.

Жогорку Кеңештеги 90 депутаттын 20сын аялдар түзөт. Министрлер кабинетинде 21 мүчө болсо, анын үчөө - аял министр. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG