Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Манжу тилиндеги кыргыздарга тиешелүү 3,5 миңдей архивдик документтер алынды


Архивдик документтер. Тарыхчы Кыяс Молдокасымов жарыялаган сүрөт.
Архивдик документтер. Тарыхчы Кыяс Молдокасымов жарыялаган сүрөт.

Кыргыздарга тиешелүү манжу тилиндеги 3,5 миңдей документ же 35 миң беттей барактагы архивдик материалдар сатып алынды.

"Мурас” фондунун төрагасы, тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун Фейсбук баракчасына жазганына караганда, архивдик документтер президенттик фонд бөлгөн каражатка алынган.

"Архивдик документтердин бардык көчүрмөсү 283 томго топтолгон. Бул томдуктардын ичинде кыргыздарга тиешелүү 3,5 миңдей документ же болбосо 35 миң беттей баракта ар кандай маалыматтар бар. Канатбек Абдужапар уулунун кабарлоосуна караганда, Адигене уруусуна тиешелүү эле 400-500дөй документ бар. Бул документтердин арасынан 40 уруу кыргыздын ар бирине тиешелүү маалыматтарды табууга болот. Документтер манжу тилинен кыргыз тилине которулганда ага күбө болобуз...Бул 283 томдогу архивдик документтердин көчүрмөсүнүн баасы 5 миллион сомдун тегереги болсо, биз кытайлык кесиптештерибиздин жардамы менен жарым баасына жетпеген каражатка сатып алдык. Буюрса бул 10 төөгө жүктөлүүчү томдуктар Бишкекке алып келинет ", - деген Молдокасымов.


Тарыхчы алдыда эски ханзу, монгол тилинде өз доорунда жазылган кыргыздарга тиешелүү дагы 70 миң беттей архивдик документтер бар экенин, алардын көчүрмөсү да өз кезегинде ушинтип сатып алынарын жазган.

2023-жылы март айында Кытайдан табылган архивдик документтерди которуу үчүн "Мурас” фондуна президенттик фонддон 13 млн сом бөлүнгөн.

Буга чейин фонддун башкармалыгынын төрагасы Кыяс Молдокасымов Кытайдан табылган 10 миң бетке жакын архивдик документтерди байыркы кытай тилинен азыркы кытай тилине, андан кыргыз тилине котортуу үчүн каражат бөлүүнү бийликтен өтүнгөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG