Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:21

Орусиянын Украинага каршы согушуна эки жыл: айрым Батыш лидерлери Киевге келди


Урсула фон дер Ляйен баштаган айрым Батыш лидерлери 24-февралда Киевге келди.
Урсула фон дер Ляйен баштаган айрым Батыш лидерлери 24-февралда Киевге келди.

Орусиянын Украинага каршы согушунун эки жылдыгына карата Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен баштаган айрым Батыш лидерлери Киевге келди. Еврокомомиссиянын жетекчиси "кайгылуу датага" карата сапары тууралуу Х социалдык тармагындагы барагына жазды.

Анда украин президенти Владимир Зеленский баштаган өлкө башчылары менен жолугарын, Орусиянын агрессиясына каршы Киевге жардам берүүнү улантуу маселелери талкууланарын маалымдады.

"Биз Украинаны каржылык, экономикалык, аскердик жана моралдык жактан колдойбуз жана бул жатта буга чейинкиден дагы чечкиндүү турабыз. Биз муну бул өлкө эркин болгонго чейин улантабыз", - деди Урсула фон дер Ляйен.

Мунун алдында, 23-февралда АКШ президенти Жо Байден Орусияга каршы санкциялардын жаңы айлампасы киргизилгенин жарыялаган. Анда 500дөй жаңы чектөө Кремлдин келишкис сынчысы Алексей Навальныйдын өлүмү, Украинадагы согушка байланыштуу кабыл алынганын билдирген. Байден Украинага кол салуу менен Путин “өтө жаңылышканын” белгилеген. АКШ президенти Өкүлдөр Палатасын Украинага бөлүнө турган кошумча жардамды жактырууга чакырган.

23-февралда Евробиримдик дагы Украинадагы согуштун эки жылдыгын утурлай Орусияга каршы санкциялардын 13-айлампасын жарыялаган.

Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш ачканына 24- февралда туура эки жыл болду. Орусиянын армиясы дээрлик күн сайын Украинанын аймагына абадан сокку уруп келет.

Кремль көптөгөн далилдерге карабастан жарандык инфратүзүмдөргө жасалган чабуулдарды четке кагып, бир гана аскердик обьектилерди бутага алганын билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG