Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Депутат Абакиров: Сөз эркиндиги – коррупцияга каршы негизги курал


Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору тууралуу пикирин билдирип, документти иштеп чыгууда ал элдин кирешесине, экономикага кандай таасир берерин эске алууга чакырды. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин 15-февралдагы жыйынында айтты.

“Сөз эркиндиги индекси жогору өлкөлөрдө экономика да, элдин кирешеси да жогору болот. Нефтиге бай - Сауд Арабия, Оман, Бахрейн өлкөлөрүндө гана сөз эркиндиги боюнча көрсөткүчү начар болгонуна карабай экономикасы жакшы экен. Башка мамлекеттерде сөз эркиндиги бар болсо гана экономикасы өнүгүп, инвестор келет экен. Сөз эркиндиги бар өлкөдө коррупция да аз болот. Башкача айтканда, сөз эркиндиги - коррупцияга каршы негизги курал”, - деди ал.

Бийлик сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланып жатат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу сунушталып жаткан долбоор боюнча, жалпыга маалымдоо каражаты ЖМК мыйзамын 12 айдын ичинде экиден көп жолу бузса каттоосу жокко чыгарыларын айткан.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковдун сөзүнө караганда, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн. Сунушталып жаткан документ кабыл алынса, каттоону Юстиция министрлиги жүргүзөт. Каттоо үчүн үч документ талап кылынат. Алар: арыз берүү, ЖМК түзүү тууралуу маалымат жана чечим. ЖМК катары каттоодон өтүүдө анын каржылоо булагы так көрсөтүлүшү керек болот.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы декабрда жумушчу топ түзгөн. Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей калганда, алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзамды мындай абалда кабыл албоого чакырышкан.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG