Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:18

Матраимов менен чогуу соттолгон депутат Боронбаев мандатын тапшырды


Абдыбахаб Боронбаев.
Абдыбахаб Боронбаев.

Борбордук шайлоо комиссиясы 14-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбахаб Боронбаевдин мандатын тапшыруу тууралуу арызын канааттандырып, ыйгарым укуктарын токтотту. Анын ордуна тизмеде кийинкиде турган Саидбек Зулпуев келди. Кезинде бажы тармагында иштеген Боронбаев учурда издөөдө жүргөн Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен чогуу 2021-жылы соттолуп, айыппул төлөгөн. Анын мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатын тапшыруусу Райымбек Матраимовго жакындыгы менен байланыштырылууда.

Өз арызы менен кеттиби? Же...

Борбордук шайлоо комиссиясына “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Абдывахаб Боронбаевдин депутаттык мандатын тапшыруу тууралуу арызы 13-февралда келип түшкөн. 14-февралда БШК мүчөлөрү чечимди бир добуштан колдоду. Ушул эле жыйында кийинки тизмеде турган Саидбек Зулпуевге мандат тапшырылды.

Абдывахаб Боронбаев Жогорку Кеңеште эки жылдай отурду. Бирок кайсы бир маселе боюнча пикирин билдирип, саясий талкуу, процесстерге аралашкан деле эмес. Парламенттеги Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин мүчөсү болчу.

2022-жылы ошол кездеги депутат Бакыт Төрөбаев өкмөт башчынын орун басары болуп кетип, бош калган мандат Абдывахап Боронбаевге тийген эле. Анын депутат болушу бир топ нааразылыкты жараткан.

Боронбаев 1996-жылдан тарта Бажы кызматында иштеп, кезинде Түштүк-Батыш бажысынын жетектеген. Ал 2021-жылдан кийин Райымбек Матраимовдор менен бирге “Коррупция” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бюджетке 8 млн. сом төлөп кутулган. Матраимов өзү 2 млрд. сом төккөн эле. Бул иштеги дагы бир айыпталуучу Нурлан Ражабалиев болсо казынаны 12 млн. сомго толтурган. Ражабалиев азыркы учурда парламентте депутат.

Биринчи май райондук соттун Райымбек Матраимов боюнча чечиминен. Маалымат Sot.kg сайтынан алынды. Анда Боронбаевдин да ысымы аталат.
Биринчи май райондук соттун Райымбек Матраимов боюнча чечиминен. Маалымат Sot.kg сайтынан алынды. Анда Боронбаевдин да ысымы аталат.

Саясий чөйрөдө Абдывахап Боронбаев 2021-жылдагы сот иштери, Райымбек Матраимов менен болгон байланышы үчүн мандатын тапшырууга мажбур болгону айтылып жатат. Бул Матраимов издөөгө алынып, анын 3 млрд 98 млн. сомдук кыймылсыз мүлкү мамлекетке өткөндөн кийинки учурга туш келди.

Саясатчы Мавлян Аскарбеков Боронбаевдин мандатын тапшырышына себеп болгон жагдайларды атады:

Мавлян Аскарбеков
Мавлян Аскарбеков

"Абдывахаб Боронбаев саясатчы, депутат катары тааныла алган жок. Бир чети анын мандатын тапшырганы туура болду. Парламенттен кетип жатышына эки нерсе себеп болушу мүмкүн. Биринчиси, албетте, Райымбек Матраимов менен болгон байланышы, Бажы кызматындагы иштери. Ошол эле учурда дагы бир жагдайды эстен чыгарбашыбыз керек. Жакында Жогорку Кеңештин бир топ депутаты кетип, башкалары келет. Бул кыргыз саясатындагы көнүмүш адат. Анткени депутаттары кийинки тизмеде турган адамдарга орун бошотуп бермей, соодалашмай, мандат сатмай. Анткени бир-эки жыл болсо да депутат болом дегендер көп. Мына ошол парад башталганы турат. Болбосо Матраимовду ачык, кыйыр колдогон депутаттар толтура да".

Биздин Абдывахаб Боронбаев менен байланышып, анын депутат болуп тургандагы ишмердигин жана мандатын тапшырып жатышынын себебин билүү аракетибизден майнап чыккан жок.

Абдывахаб Боронбаев 1968-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Телман айылында төрөлгөн. Эгемендик жылдары Кара-Суу райондук керек-жарак коомунун товароведи болуп эмгектенип, 1996-жылдан 2020-жылга чейин Бажы кызматында ар кайсы кызматтарда иштеген. Кезинде Түштүк-Батыш бажысынын жетектеген.

Саидбек Зулпуев
Саидбек Зулпуев

Боронбаевдин ордуна андан кийинки тизмеде турган Саидбек Зулпуев келди. Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Саидбек Зулпуев Бишкек шаарында туулган. Жалал-Абад шаардык, Чүй облустук финансы башкармалыктарында жана Финансы министрлигинде иштеген. Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору, министрдин орун басары, Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуризациялоо агенттигинин, Банктарды жоюу агенттигинин башчысы болгон. 2021-жылдагы парламенттик шайлоого “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы менен катышып, 26-тизмеде турган.

Дагы кимдин мандаты боюнча маселе бар?

"Азаттык" радиосунун "Боронбаевден тышкары башка депутаттардан ушундай өңүттөгү арыз келип түшкөн жокпу?" деген суроосуна БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов мындай жооп берди:

"Жок, бүгүнкү күндө башка арыз жок. Бир күн мурун Боронбаевден эле келип түшкөн”.

2023-жылы Камчы Көлбаев атайын операция учурунда жок кылынып, удаа эле УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Көлбаев-Матраимов байланышын "мафия" деп атаган. Аларга тиешеси бар делген 200дөн ашык мамлекеттик кызматкер иштен алынганы да айтылган.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.

Экс-бажычы Райымбек Матраимов жана анын жакындары акыркы окуялар тууралуу комментарий бере элек. Ал өзү каякта экени белгисиз.

Негизи Матраимов издөөгө алынып, анын мүлкү мамлекетке алынганга чейин мурдагы бажычыны Жогорку Кеңештен ачык колдогон депутаттар көп эле болгон. Анын саясаттагы таасири да күчтүү болуп, мамлекеттин кадр саясатына чейин аралашып жүргөнү айтылып келет.

Саясат талдоочу Нурсултан Акылбек бул боюнча төмөндөгүдөй пикирин ортого салды:

Нурсултан Акылбек.
Нурсултан Акылбек.

"Матраимовдун тарапташтары парламентте жетиштүү эле. Ошол эле башкаруучу фракцияларда, бир мандаттуу шайлоо округунан келгендер да бар. Анын бир тууганы да депутат болуп отурат. 2020-жылы "Мекеним Кыргызстан" баштаган үч партияга нааразылык күч болгон. 2021-жылы алардын көбү саясий басымдан коркуп бир мандаттуу округдардан шайлоого катышкан. Ушундай жол менен Матраимовдун жакындары, кланга тиешелүү адамдар парламентке келип алышкан. Азыр мамлекет кландык түзүмдү толугу менен жок кылабыз десе, анда саясий силкинүү кылышы керек. Ошондо бул күрөшкө чекит коюлат эле".

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Көлбаев-Матраимов байланышын мафия деп атагандан кийин депутат Шайлообек Атазовдун тарапташтары делген бир нече адам күч органдарына суракка чакыртылган. Анын экөө “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 100 миң сом айыпка жыгылган. Былтыр ноябрь айында Атазов өзү да УКМКга кирип, суроолорго жооп берип чыккан.

Атазов Райымбек Матраимовду Жогорку Кеңеште ачык колдоп жүргөн депутаттардын бири. Ал мандат алганга чейин Матраимовдорго таандык ЕРЕМ спорт клубун жетектеген. Соңку окуялар боюнча депутат Атазовдун жообу мындай болду:

"Менин мандатымды эл берген. Эл чечет. Бизде маселе жок. Биздин тарапташтар эмес, биздин тарапташтар делген сөздөр айтылган. Алардын бизге тиешеси жок. Андай маселе жок бизде”, - деди Атазов.

Райымбек Матраимовдун бажыдагы мыйзамсыз иштерин алгачкылардан болуп “Азаттык” иликтеп, 2015 жылдан тарта бир нече жолу материал жарыялаган.

2019-жылы “Азаттык” өнөктөштөрү менен бирге Кыргызстандан Матраимовдор 700 миллион долларды кантип чыгарып кеткени тууралуу журналисттик иликтөө жарыялап, ал коомчулукта чоң резонанс жараткан.

Бирок ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин, андан кийинки Сооронбай Жээнбековдун бийлиги журналисттик иликтөөлөргө, коомдун талабына реакция кылган эмес.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG