Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:41

HRW: чет элдик жардамдын азайышы Ооганстандын саламаттык сактоо системасына залакасын тийгизди


Кабулдагы оорукана. Сентябрь 2023-жыл
Кабулдагы оорукана. Сентябрь 2023-жыл

Хьюман Райтс Уотч уюму (HRW) 12-февралда жарыяланган жаңы баяндамасында Ооганстанга берилип келген чет элдик жардамдын кескин азайышы өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасына катуу залака тийгизгенин, “чала тамактангандар, медициналык жардамдын жетишсиздигинен келип чыккан оорулар” көбөйгөнүн билдирди. Андан тышкары талибердин кыз-келиндердин укуктарын чектегени миллиондогон оогандык киши медициналык жардам алуу укугуна коркунуч жаратты.

2021-жылдын августунда Ооганстандагы бийликти кайрадан талиптер басып алгандан кийин тышкы жардам дээрлик бир күндө токтогон, анын артынан миллиондогон адам жакырчылыкка жана ачарчылыкка батты. “Талибан” өкмөтүнө каршы санкциялар киргизилип, банк которуулары токтогондо Ооганстан дүйнөлүк финансылык институттардан жана сырттан келген акчадан ажырап калган.

HRW былтыркы февралдан быйылкы январга чейин Ооганстандагы 16 провинцияда жергиликтүү жана гуманитардык уюмдардын кызматкерлерин, медициналык жардамга муктаж карапайым кишилерди сурамжылаган

Алсак, бөйрөк оорусунан жабыркаган 54 жаштагы киши талиптер келгенден бери дары-дармектин баасы эки эсе кымбаттаганын айткан.

"18-февралда БУУ уюштурган жыйында өкмөттөр талиптердин лидерлерине элдин медициналык тейлөө алуусуна тоскоол болгон чектөөлөрдү, анын ичинде аялдардын билим алуусуна жана иштөөсүнө тыюуну алып салууну талап кылышы керек" деп айтылат укук коргоочу уюмдун докладында.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG