Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:59

Акылбек Жапаров түрк ишкерлерин кен казууга инвестиция салууга чакырды


Акылбек Жапаровдун Түркиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуусу. 9-февраль, 2024-жыл.
Акылбек Жапаровдун Түркиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуусу. 9-февраль, 2024-жыл.

9-февралда Түркиянын баш калаасы Анкарада кыргыз-түрк бизнес форуму өттү. Ага өкмөт башчы Акылбек Жапаров жана Түркиянын ири бизнес өкүлдөрү катышты. Жыйында Жапаров Түркиянын ишкерлерин Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды.

Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз былтыр Түркиядан Кыргызстанга экспорт 42%га өсүп, эки өлкө ортосунда соода көлөмү 1,6 миллиард долларга жеткенин билдирди.

Кыргызстандын делегеациясы менен жолугушууга Түркиянын коргонуу, авиация, айыл чарба, энергетика, кызмат көрсөтүү, саламаттык сактоо, билим берүү, электрондук коммерция, кен казуу, курулуш жана кайра иштетүү тармактарындагы ири компанияларынын жетекчилери катышты.

Жыйында Акылбек Жапаров Кыргызстанда ар түрдүү тармактарда түрк капиталы бар 300гө жакын компания иштеп жатканын, аларда миңдеген кыргызстандык эмгектенерин белгиледи. Ал Бишкек менен Анкаранын ортосунда дагы көптөгөн бизнес-долбоорлор ишке ашырыларына ишеним артып, Кыргызстанда ишкерлерге толук кепилдиктер берилерин убада кылып, кыргыз-түрк алакалары бардык тармактар боюнча жаңы баскычка чыкканын белгиледи.

"2023-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүү 560,5 млн долларды түздү. Муну менен бирге, Түркия 2022-жылы Кыргызстандын экономикасына эң ири инвестор болду жана Түркиядан кирген инвестициянын жалпы суммасы 341,6 млн долларды түздү. Ал эми 2023-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча Түркия Кыргызстанга эң көп инвестиция салган беш өлкөнүн катарына кирди", - деген Жапаров түркиялык ишкерлер Кыргызстанда буга чейин 70ке жакын долбоорду ишке ашырганын кошумчалады.

"Tүрк ишкерлерине кайрылат элек, келгиле"

Жапаров ошондой эле сейрек кездешүүчү металдарды чыгарууда ири инвестиция жана жаңы технологиялар талап кылынарын, мындан улам түркиялык ишкерлер менен кызматташуу кирешелүү болорун айтты.

"Бизге Европа Биримдиги "металды чыгарсаңыздар, концентрат кылсаңыздар же металдын өзүн чыгарсаңыздар деле, канчалык көлөмдө болсо алабыз" деп айтып жатат. Ошондуктан түрк өкмөтүнө, түрк ишкерлерине кайрылат элек, келгиле. Суубуз бар, электр жарыгы маселесин чечип жатабыз, кенибиз бар. Сиздерден инновациялык, экологияны бузбаган технологияларды күтөбүз. Сата турган рыногубуз бар. Буга 3 миллиардан 7 миллиарда чейин чоң инвестициялар керек деп жатабыз. Ага даярданып жатабыз".

Кыргызстанда акыркы үч жылда экономикалык өсүш орточо эсеп менен дээрлик 7% түзүп, ички дүң продукция 2023-жылы 1 трлн 228 млрд сом болгонун айткан Акылбек Жапаров, жогорудагы максаттарга жетүүдө ишкерлердин ролу чоң экенин белгиледи.

Өкмөт башчы ири инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо максатында "Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол коюлганын, ошондой эле Кыргыз-Түрк инвестициялык фондун түзүү боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан тийиштүү жумуштар аткарылып жатканын билдирди.

Мындан тышкары, былтыр жана быйыл "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө" президенттин жарлыктарына кол коюлганын кошумчалады.

Кыргызстандын Анкарадагы элчилигинин маалыматы боюнча, бизнес форумга Кыргызстандан жана Түркиядан 500гө жакын ишкер катышты. Анын жыйынтыгында кызматташуу жана инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу жөнүндө 8 меморандумга кол коюлду.

Форумда ошондой эле Кыргызстанда иш жүргүзгөн "Кока-Кола Кыргызстан", "Шератон мейманканасы", "Демирбанк" жана "Эти Бакыр Терексай" сыяктуу ири түрк фирмаларынын өкүлдөрү да сөз сүйлөп, Кыргызстанда ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн билдиришти.

Түркияда 269 кыргызстандык фирма иштейт

Ал эми соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-кеңешмесинин алкагында сөз сүйлөгөн Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз Түркиядан Кыргызстанга экспорт бир жылда 42%га өскөнүн ырастады.

"2022-жылы Кыргызстан менен болгон 1 миллиард долларлык соода көлөмү планыбызды ишке ашырдык. 2023-жылы Кыргызстанга экспортубуз 42% өсүп, 1,3 млрд долларга жетти. Соода көлөмүбүздү 1,6 миллиард долларга жеткире алдык. Алардын ичинен 350гө жакыны учурда активдүү иш алып барат. Ал эми өлкөбүздө 269 кыргызстандык фирма иштеп жатат. Биздин курулуш компаниялар Кыргызстанда 971 миллион долларлык 93 долбоорду ишке ашырышты", - деди түрк аткаминери.

Ал ошондой эле 2023-жылы 6-февралдагы катуу зилзалада Кыргызстандан барган боз үйлөрдүн маанисине токтолуп, боордош элге апаатта көрсөтүлгөн жардамы үчүн ыразычылыгын билдирди.

Кыргыз өкмөтү кабарлагандай, кеңешменин күн тартибине экономика, инвестиция, энергетика, өнөр жай, айыл чарба, транспорт, туризм, саламаттык сактоо, маданият, билим берүү жана башка багыттар боюнча кызматташуу маселелери кирген.

Вице-президент Йылмаз Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда эки тараптуу кызматташуулар чоң ийгиликтерге жетишилгенин Х баракчасына жазды.

"Биз кол койгон протокол тоо-кен тармагынан финансыга, айыл чарбадан билим берүү жана маданиятка чейинки көптөгөн тармактарды камтыйт. 62 пункттан турган жаңы планыбыз менен соода жана экономикалык карым-катнашыбызды кийинки деңгээлге көтөрүүнү максат кылуудабыз", - деп жазды Йылмаз.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча 62 пунктан турган комиссиянын жыйынынын протоколуна, эл аралык унаа жолдору боюнча макулдашууга жана экспорт тармагындагы меморандумга кол коюлду.

Буга чейинки кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмесинин жыйынтыгында түзүлгөн иш планында 79 пункт бар экенин эске салган Йылмаз, алардын 46сынын гана аткарылганын эскертти. Комиссиянын кезектеги жыйыны келерки жылы Кыргызстанда өтөрү кабарланды.

Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиянынын 10-кеңешмеси 2021-жылы Бишкекте өткөн. Ага Кыргызстандан 250гө чамалуу, Түркиядан 90дон ашуун компания катышкан.

2023-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстан менен Түркиянын соода жүгүртүүсү 560 млн 472,7 миң доллар болгон. Бул мурдагы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу азыраак. Мунун ичинен 417 млн доллардан ашыгы Кыргызстандын импорту. Бишкек Анкарага 143 млн долларлык товар жөнөткөн.

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө эки өлкөнүн соода карым-катнаштарында текстиль, тамак-аш жана өнөр жай продукциялары маанилүү ролду ойнойт. Түркия Кыргызстанга көбүнчө кийим кече, бут кийим жана өнөр жай продукцияларын экспорттойт. Ал эми Кыргызстан чийки эт, төө буурчак, күрүч сыяктуу дан азыктарын сатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG