Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Садыр Жапаровдун китеби изилдөө институттарына таратылат


Президент Садыр Жапаровдун китеби.
Президент Садыр Жапаровдун китеби.

Президент Садыр Жапаровдун “Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты” аттуу китеби 1500 нускада Билим берүү жана илим министрлигине келип түштү. Бул тууралуу аталган министрликтин сайтында кабарланды.

Маалыматта айтылгандай, бул китептер Кыргызстандагы 72 илим изилдөө институттарына жана Улуттук илимдер академиясынын борбордук илимий китепканасына берилет.

Мамлекет башчынын китеби 2023-жылдын жай айларында жарык көргөн. Алгач китептин сүрөтү Базар-Коргон райондук китепканасынын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланып, кийин маалыматты “Азаттыкка” президенттин ошол маалдагы басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев ырастаган. Ал китеп “идеологиялык багытта экенин, кыргыз элинин маданияты, салты тууралуу жазылып, жаңы Кыргызстанды түзүү жана куруу идеялары камтылганын” тактаган.

Маалыматтарда айтылгандай, “Жаңы Кыргызстанды куруунун багыты” аттуу китеп жалпы 41 миң нускада чыккан. Ал негизинен аймактарга, мамлекеттик мекемелерге жана китепканаларга таратылган.

Садыр Жапаровдун алгачкы китеби “Саясаттагы он жыл” деген аталышта 2015-жылы жарык көргөн. Анда Жапаров саясаттагы 10 жыл ичинде өзү күбө болгон окуяларды жазган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG