Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:11

Парламенттеги тармактык комитет "ЖМК жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 30-январдагы жыйынында каралып, депутаттардын көпчүлүк добушу менен биринчи окууда кабыл алынды. Долбоорго депутаттар Тазабек Икрамов менен Бактыбек Чойбеков каршы добуш берди.

Жыйында Чойбеков сунушталып жаткан мыйзам долбоору журналисттердин эркиндигин чектей турганын белгиледи. Ал мыйзам долбоору боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги медиа өкүлдөрү менен эки жолу гана жыйын өткөргөнүн айтып, сынга алды.

“Бул мыйзам долбоорун кабыл алууга коом катышуусу керек. Бул үчүн көптөгөн тегерек столдор, жыйындар өтүшү керек. Бул мыйзам боюнча көп сунуштарым бар. Мүмкүн болсо, бул документти кароону бир айга жылдырууну сунуштайм”, - деди Чойбеков.

Министр Алтынбек Максүтов министрлик медиа өкүлдөрүнүн сындарын, сунуштарын эске алып, өзгөртүүлөргө барып жатканын, 3-4 маселе боюнча орток пикир табылбай жатканын айтты. Мисал катары ЖМК өкүлдөрүн аккредитациядан өткөрүүнү келтирип, министрлик журналисттерди ар бир мекемеден өзүнчө аккредитациядан өтүүгө милдеттендирбей, бардык мекемелер үчүн бир каттоодон өтүү сунушталарын айтты.

Комитеттин жыйынына көз карандысыз медиа өкүлдөрү да катышты. Журналист Кайыргүл Урумканова мыйзам долбоору боюнча журналисттерде да суроолор көп экенин, так көрсөтүлбөгөн бүдөмүк чаралар да камтылып калганын айтты. Ал бул мыйзамды даярдоо учурунда өкмөт медиа өкүлдөрүнүн сунуштарын эске албаганын, документте журналисттер үчүн бир катар чектөөлөр кирип жатканын белгиледи.

"Эл аралык журналистикалык стандарттарды сактаган редакциялардын баары мыйзамды сактайт. Биз өзүбүздү коомдун тартип сакчылары деп эсептейбиз. Биз мыйзамдан четке кетпейбиз. Бирок бул мыйзам кабыл алынса, бизге иштөөгө мүмкүнчүлүк берилбесе, социалдык тармакка кетебиз. Анда блогерлер менен иштешүүгө туура келип калат. Ошондо маалымат коопсуздугуна ким жооп берет? Блогерлерди ким тыят? Эгерде кесипкөй журналистика суюлуп кетсе, блогерлер менен иштешүү муктаждыгы жаралат", - деди Урумканова.

Мыйзам долбоору парламенттеги алты тармактык комитетке киргизилген.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковдун сөзүнө караганда, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн. Сунушталып жаткан документ кабыл алынса, каттоону Юстиция министрлиги жүргүзөт. Медианы каттоо үчүн үч документ талап кылынат Алар: арыз берүү, ЖМК түзүү тууралуу маалымат жана чечим. ЖМК катары каттоодон өтүүдө анын каржылоо булагы так көрсөтүлүшү керек болот.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы декабрда жумушчу топ түзгөн. Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей калганда, алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзамды мындай абалда кабыл албоого чакырышкан.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жыл катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошкон. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгонун белгилеген.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG