Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:00

Мыскал ырчынын баскан жолу сахнада


Мыскал Өмүрканова.
Мыскал Өмүрканова.

Калык Акиев атындагы Жумгал райондук музыкалык драма театры Бишкекте атактуу ырчы Мыскал Өмүркановага арналган "Жаша, Мыскал!" аттуу спектаклди койду. Чыгармада ырчынын чыгармачыл жолу эле эмес, жеке тагдыры, ички арманы чагылдырылган. 

Сейрек талант

XX кылымдагы кыргыздын атактуу ырчысы Мыскал Өмүркановага өз кезинде музыка таануучулар Орто Азияда сейрек кездешкен өзгөчө үндүү сейрек талант катары баа беришкен.

Аны жакындан билгендер атайын музыкалык билими болбосо да татаал аваздык боёкторду таап ырдаганда өзүнө гана тиешелүү мукамдуу ыргактар коштоп турчу дешет.

Мыскал ырчы айрыкча белгилүү элдик ырларды аткарганда бөтөнчө аваз менен созуп ырдап, ырга жан берип, аялдардын арасынан биринчилерден болуп комуз менен ырдоону популярдуу кылган.

Ал 1958-жылы Москва шаарында кыргыз элинин маданиятынын жана көркөм өнөрүнүн он күндүк декадасында айтылуу ашыктык ыры “Алымканды” бир мүнөттөн ашык созгондо СССРдин ошол кездеги мамлекет жетекчилери таң берип, ордунан тура калып кол чабышкан деп айтып жүрүшөт. Бүгүн минтип атактуу ырчынын өнөрдөгү эмгеги, таланты кыргыз театр сахнасында даңазаланып отурат.

Калык Акиев атындагы Жумгал райондук музыкалык драма театры койгон “Жаша, Мыскал!” спектаклинде көрөрман журтуна ырчынын кайталангыс таланты менен катар баштан кечирген жеке турмушу, жан дүйнөсүн уялаган өксүгү көрсөтүлдү. Өмүрканованын ырчылык өнөрүн эле билген көрүүчүлөр үчүн улуу таланттын жеке адамдык тагдыры жаңылык болду.

"Жаша, Мыскал!" спектакли.
"Жаша, Мыскал!" спектакли.

Спектаклде ырчынын СССРди дүңгүрөткөн атагы менен катар 14 жашында энесинен айрылып, өмүр бою ал күйүтү менен жашаганы, ырчылык шыгын колдоп, аны өнүктүрүүгө көмөктөшкөн жолдошу Сагыналынын кан күйгөн согушка аттанып, кайтпай калышы, кийинки турмушунан тапкан бир уулунун тестиер кезинде өмүрдөн өткөн окуялары көпчүлүктү жашытты.

"Жаша, Мыскал!" спектакли.
"Жаша, Мыскал!" спектакли.

"Таланттарга аяр мамиле жасасак"

“Жаша, Мыскал” пьесасы акын Нуркыз Рыскул кызынын драматургия жаатындагы алгачкы эмгектеринин бири болсо, ага белгилүү режиссер Назым Мендебаиров режиссерлук кылган. Ал эми башкы каарман Мыскалдын ролун Жумгал райондук музыкалык драма театрынын артисти Сайкал Токтогулова ойноду.

Назым Мендебаиров атактуу ырчынын баскан жолу тууралуу спектаклди эмне себептен аймактык театр менен бирге иштеп чыкканын айтып берди:

Назым Мендебаиров.
Назым Мендебаиров.

“Мыскал эже - кыргыз элинин маңдайына жазылган чолпон жылдыз өңдүү талант. Ал эми театрдын таланттарды таанытуучу кудурети бар эмеспи. Мына ошондуктан ушул спектаклди иштеп чыктык. Башкы максатыбыз – коомчулукка Мыскал Өмүрканова сыяктуу таланттарыбызга ар дайым аяр мамиле жасайлы деген чакырык жасоо болду. Эми бул ырчыбыз тууралуу спектаклди борбордогу академиялык драма театрынын жамаатынын чыгармачыл потенциалы жогору экенин эске алып, алар менен деле иштеп чыксак болмок. Бирок Өмүрканованын табияты Жумгал райондук музыкалык драма театрына жакын деген ойдомун. Анткени театр жамааты бала кезинен ырчынын ырын угуп, ал тууралуу маалыматтарга айрыкча бай да”.

"Дагы толукталат"

Ырчы тууралуу пьесына жазган калемгер Нуркыз Рыскул кызы XXI кылымдагы атактуу инсанды бүгүнкү жаш муун да таанып-билсе деген ойдо:

Нуркыз Рыскул кызы.
Нуркыз Рыскул кызы.

“Атактуу кишинин тагдырын жазуу көп изденүүнү талап кылат экен. Негизи бир топ машакаттуу эле иш болду. Алгач эле чыгарманы жазып баштаар алдында жакындарынан ким бар болду экен деп издедик. Анан кызы Айнура эжени издеп таап, байланышууга аракет кылдык. Бирок көп маалыматты Айнура эженин Нуржамал аттуу кызынан алдым. Ал Мыскал эженин жашоосун, чыгармачылыгын изилдеп, Ютубдан жеке канал ачып иштетип жүрүптүр. Анан ал менен жолугуп, болушунча окуяларды сурадым, тагдырын тактадым, Мыскал эже тууралуу китептерди алдым. Ошондой эле журналист иниси Айбек Шамшыкеевдин ырчы тууралуу жазылган эмгектерин алдым. Ошентип билген адамдардан сурап, тактап жаздым. Бирок чыгарма дагы толук быша элек деп ойлойм. Муну көргөн жакындарынын ойлору дагы да кошулушу мүмкүн. Негизги чыгарманы жазуудагы максатым – Өмүркановадай залкар инсанды бүгүнкү муунга таанытуу болду”.

"Жаша, Мыскал!" спектакли.
"Жаша, Мыскал!" спектакли.

Спектаклде Мыскал ырчынын ролун жараткан аймактык театрдын артисти Сайкал Токтогулова өзүнүн ролу тууралуу буларды айтты.

Сайкал Токтогулова.
Сайкал Токтогулова.

“Артист болгондон кийин роль тандабайсың. Кээ бир образдарды ачуу оор болсо, кээ бир ролдор жеңил чыгат. Мыскал эженин элеси улуу муундун эсинде, үнү кулагында калган да. Мына ошондуктан менде анын өзүндөй боло албасам да саханада анын образын өзүнө жакындатып ача аламбы деген жоопкерчилик турду. Бүгүнкү көрүүчүнүн көз карашы башкача болгондуктан азыр деле көңүлүмдө ролум кандай ачылды экен деген ойлор бар. Айтор, колдон келишинче аракет кылдым”.

"Жаша, Мыскал!" спектакли жыйынтыкталгандан кийинки учур.
"Жаша, Мыскал!" спектакли жыйынтыкталгандан кийинки учур.

"Өнөрдөн эрте кетиришкени сокку болду"

Спектклге булбул үндүү ырчы Мыскал Өмүрканованын талантын баалаган көрүүчүлөр топтолду. Жакындарынан ырчынын кызы Айнура Канжаева да келди. Элге тартууланган жаңы эмгек тууралуу анын да оюн уктук.

Айнура Канжаева.
Айнура Канжаева.

“Бул чыгарма Нуркыздын драматургия жаатындагы алгачкы спектаклдеринен экен. Канткен менен жакшы деп баалайм. Бирок мени менен кенен баарлашып, дагы кичине толуктоолорду киргизсе болмок экен. Ошондо дагы башка өңүттөр ачылмак. Маселен, спектаклде мен чоң энемдин колунда өсүп, өз энемден алыс өскөнүм көрсөтүлдү. А чынында чоң энем мени жөн эле алып калган жок. Анткени апам чыгармачылыгын биринчи орунга коюп, эл аралап гастролго көп чыккан. Анан мени менен көзү өткөнчө бат-бат эле катташып турду. Чыгармада эне-кызды стресске көп түшүрүп, кусалуу кылып койгондой. А бул киши көзү өткөнгө чейин тың турду, жакшы жашады. Болгону өкмөт 50 жылдык тоюн өткөрүп туруп эле эртерээк пенсияга чыгарып жиберген. Болбосо бул киши дагы бир топ өнөргө кызмат кылат эле. 50 жаш деген толуп-ташып турган чак да. Ага ошол нерсе айрыкча сокку болду. Эми көч бара-бара түзөлөт дейт эмеспи. Ушул спектаклди иштеп чыккандарга, анда роль жараткандарга жалпы ыраазычылык билдирем”.

Жумгал райондук театры башка аймактык театрлардай эле атайын чыгармачыл сапары менен эгемендик жылдары борборго каттай элек болчу. Театр жамаатынын айтымында, соңку кездеги маданиятка бөлүнгөн чоң каражаттар алардын арышын улам кеңейтип жатат.

Мыскал Өмүрканова.
Мыскал Өмүрканова.

Кыргыз ССРинин эл артисти Мыскал Өмүрканова Нарын облусунун Жумгал районунда 1915-жылы туулуп, 1976-жылы 61 жашында өмүрдөн өткөн.

Чыгармачылык чыйырын айыл жеринде элдик ырларды аткаруу менен баштаган Мыскал Өмүрканова Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында кыргыз филармониясынын ырчысы катары фронтко чейин барып чыгармаларын тартуулаган. Ушул эле маалда Польшадан тарта Кытайга чейин гастролдоп барган.

Комузда кол ойноткон таланттуу ырчы “Ак бермет”, “Жүрөгүмдөн”, “Колхоздогу курбума” жана “Колхозчунун күйгөнү” сыяктуу ырларды жараткан. Мындан сырткары “Алымкан”, “Ой булбул”, “Катка жооп” өңдүү белгилүү ырларды жогорку чеберчиликте аткарганы менен эл эсинде калган.

Ленин орденинин ээси болгон ырчы Кыргызстан Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.

2015-жылы өлкөдө Мыскал Өмүрканованын 100 жылдык мааракеси белгиленген. Саамалыкка карата режиссер Темир Бирназаров легендарлуу ырчынын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу даректүү тасма тарткан.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG